Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:27

Ияд Аллавинин жакын туугандарын барымтага кармап кетишти

БАГДАД. Багдадда Ирактын убактылуу өкмөт башчысы Ияд Аллавинин жакын туугандарын куралчан адамдар барымтага кармап кетишти.

- Бизге келип түшкөн маалыматтарга караганда шейшемби күнү кечинде Гази Аллави, анын аялы менен келинин "Анссар а-Жихад" тобу барымтага кармап кетти. Окуя шейшемби күнү кечинде алар ал-Кадиси чөлкөмүндөгү үйүнөн чыгып келатканда болгон,- деди Аллавинин өкүлү Мина Али.

Барымтачылар эгерде Фаллужага жасалып жаткан чабуул эки күндүн ичинде токтотулуп, түрмөдө отурган көтөрүлүшчүлөрдүн баары бошотулбаса, Аллавинин туугандары өлтүрүлөөрүн эскертишти. Мындай талап веб-сайттардын бирине чыкты.
XS
SM
MD
LG