Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:22

Карачай-Черкесиянын баш калаасында наарызылык митинги уланууда


ЧЕРКЕССК. Карачай-Черкессиянын баш калаасында президент менен күч колдонуучу бийлик башчыларынын кызматтан кетүүсүн талап кылган митинг уланууда. Ачууланган эл республиканын жети жаранынын өлүмүнө байланышкан тергөө иштерине өкмөт кедерги болгусу келип жатат, деген пикирде. Курман болгондордун туугандары президент Мустафа Батдыевдин кабинетин дагы эле ээлеп отурушат.

Ал эми республиканын парламентинин чукул жыйыны, ага депутатардын көбү жана жергиликтүү бийликтин бир да өкүлү келбей койгондуктан, болбой калды.

Республиканын жети тургуну "Кавказцемент" ишканасынын директору, президенттин күйөө баласы Али Каитовдун дачасында өлтүрүлгөн. Курман болгондордун өрттөлгөн сөөктөрү жакында эски шахталардын биринен табылган.

XS
SM
MD
LG