Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

Равди Фаттух палестин автономиясынын президентинин милдетин аткарат


РАМАЛЛА. Палестин жетекчилигинин чечими боюнча парламенттин спикери Равди Фаттух Палестин автономиясынын президентинин милдетин аткарат. Ошону менен бирге эле Палестин жетекчилиги ырасмий Мисирдин Арафат менен коштошуу аземин Каирде өткөрүү тууралуу сунушуна макул болгондугун кабарлады.

Анын аралыгында, ооруканада жаткан Арафатты көрүп чыккан Шейк Тайссир Дают Тамими президенттин акыбалы өтө оор экенин айтты. Рамалладан келген кабарларга караганда, Арафат эгер дүйнөдөн кайтса Рамалладагы Мукута деген кеңсесинин аймагында жерге койулат.

XS
SM
MD
LG