Аскар Акаевдин 60 жашка толушун куттуктаган макала, каалоо-тилектер бул аптадагы басылмалардын негизги темасы болду. «Аалам» гезитинин башкы редактору Чолпонбек Абыкеевдин ырасташынча Кыргызстандын туңгуч президенти «тарыхтагы залкардын залкары». Анын ушундай аталыштагы макаласы гезиттин жума күнкү санында жарыяланууда.
Басылмада акын Салибай Шатмановдун «Аалыке менен ата-баладай элем» деген эскерүү макаласына да орун берилген. Эл акыны Аалы Токомбаевдин 100 жылдыгына байланыштуу ушу тапта кыргыз басылмаларында эскерүү макалалары арбын басылууда.
Ушул эле гезитте Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин өкмөттүк гезит аркылуу жарыя кылынган маалымдамасынын калпыстыгын белгилеген мурунку элчилердин билдирүүсү чыгууда. Анда Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтеринин имараты турган жер мамлекеттин менчиги болуп саналары, ал жерде иштеген мекендештерибиз шайлоого толук катыша алары айтылган.
Бейшембидеги «Трибуна» гезити Ырысбек Өмүрзаковдун билдирүүсүн жарыялады. Гезит өкүлүн чакырбай, редакцияга билдирбей Жалалабад облусундагы Базаркоргон райондук соту «Трибуна» басылмасын сыртынан соттоп ийген.
Редакция айыпка жыгылганын «Учкун» акционердик коомуна келген сот чечимин аткаруу кагазынан улам гана билген. Базаркоргон райондук соту иш жоопкер жашаган жерде гана каралышы керектигин билип туруп эле Бишкекте турган гезитке айыппул салган чечимин чыгарган, деп маалымдайт Ырысбек Өмүрзаков.
Быйыл Ысыккөлдө алма менен алмуруттун түшүмү мыкты болгонун бейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити кабарлады. Бирок алтын күздүн берекелүү түшүмүн Бишкекке же коңшу Казакстан менен Орусияга жеткирүү кыйын. Жол тоскон милиция, бажы тоскоолдорунан өтүп, алыс жерге алып барып алма менен алмурутту пулдап келүү эгемендик тушунда ишке ашпас кыялга айланган. "Ак төөнүн карды жарылган күздө багбандар эмгегинин ыраатын көрө албай, аргасы түгөнүп отурушат", деп белгилейт гезит кабарчысы Ю.Александров.
Жума күнкү «МСН» гезити Кыргызстан элдик кыймылынын жетекчиси Курманбек Бакиевдин маегин жарыялады. Анын айтымында, жаңы кыймыл катарынан депутаттыкка, президенттикке талапкерлерди чыгаруу, аларга колдоо көрсөтүү максатын көздөйт.
Жума күнкү «Агым» гезитинде жарыяланып аткан материалдар тууралуу басылманын жооптуу катчысы Гүласыйна Каленова айтып бермекчи:
- Сессия сүртүмдөрү, Жапаркул Токтоналиевдин Ормон хандын тарыхтагы орду тууралуу Өмүр Султаналиевдин макаласына каяшасы, саясат таануу илим доктору Жолборс Жоробеков, парламент депутаты Муратбек Мукашевдин алдыдагы шайлоо тууралуу маектери жарыяланууда. Гезитте Орозбек Кутманалиевдин «Жер сатканды токтоткула, төбөлдөр!» макаласы, Абсамат Масалиевди жубайынын эскерүүсү жарык көрүүдө.
«Кыргыз руху» гезитинин редактору Болотбек Таштаналиев басылманын жаңы санында жарыяланып аткан макалалар менен тааныштырат:
- Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин «Поэзия – бул өмүрүм» аттуу маеги да жарыяланып атат. Жакында эле уюштуруу курултайын өткөргөн Кыргызстан элдик кыймылы тууралуу авторлорубуздун ой-пикирлери, жыйындан уюштурулган репортаж басылууда.
Кеп кезеги «Бишкек таймс» гезитинин башкы редактору Нуралы Капаровдо:
- «Сиз президент менен кандай, кайсы жагдайда тааныштыңыз эле?» деген суроо менен бир катар белгилүү саясатчылар, маданият, адабият ишмерлерине кайрылганбыз. Ошолордун ар түрдүү кызыктуу жоопторуна гезит бетинен орун берилүүдө. Адабиятчы Салижан Жигитовдун «Жалган жалаалар курманы» түрмөгү да чыгып атат.