Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:32

Ак үйдүн алдында нааразылык акциясы өттү


БИШКЕК. Бүгүн Ак үйдүн алдына мурдагы ЭВМ заводунун - азыркы «Жанар» акционердик коомунун жатаканасында жашаган атуулдардын отузга жакыны нааразылык акциясына чыгышты. Алар Бишкектеги Чолпоната-Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишиндеги 150 үй-бүлө жашаган жатаканага 15-октябрдан бери электр кубаты берилбей жаткандыгына нааразылык билдиришти.

Ошондой эле алар үстүбүздөгү жылдын апрель айынан бери электр энегиясына төлөмдөрдү өз убагында төлөп келишкендигин айтышып, ызы-чуу чыгарышты. Нааразылык акциясынын катышуучулары менен «Түндүкэлектр» ишканасынын жетекчиси Сапарбек Балкыбеков жолугушту. Ал учурда «Түндүкэлектр» ишканасына аталган жатакананын жашоочулары 1 миллион 700 миң сом карыз экендигин айтып, мындай карыз төлөнбөсө жатаканага электр берилбей тургандыгын билдирди. Ал эми жатакананын жашоочулары мындай карыз «Жанар» акционердик коомунун карызы экендигин айтышып, аны аталган заводдун жетекчилеринен өндүрүп алууну жана жатаканага электр кубатын берүүнү талап кылышты.

XS
SM
MD
LG