НАТО уюмунун баш катчысы Яап де Хооф Схеффер кечээ күнү Нью-Йорк шаарында Эл аралык маселелер боюнча кеңеште сөз сүйлөп, НАТОнун Ооганстандагы аракеттери кеңейтилет деп билдирди:
-Биз убадаларыбызды аткарып, эл аралык аскерлердин Ооганстандагы аракеттерин өлкөнүн батыш аймактарына кеңейтүүгө киришүүдөбүз. Өлкөнүн түндүгүндө 'регионалдык кайра куруу топтору' түзүлгөн жана биз эми андай аракеттер менен батышка жылып жатабыз. Алдыңкы күчтөр Герат провинциясына орноштурулат жана андан ары биз түштүк жана түштүк-чыгыш аймактарына жылабыз.
Ооганстанда азыр НАТОнун 9000 аскери бар, алар негизинен Кабул шаарында жайгашкан.