Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:30

Ноокат районунун мектептери кышка даяр эмес


ОШ. Ош, Баткен облусттары боюнча регионалдык мамлекеттик энергетика инспекциясынын билдирүүсү боюнча Ноокат районунун Беруни мектебинин курулушу негизсиз кечеңдетилип, жылуулук системасы алигиче орнотула элек. Новои, Жийде, Амир Тимур, Каримов орто мектептеринде жылуулук системасы жарым-жартылай гана иштейт. Терезе-эшиктер бүтөлгөн эмес. Он эки бел, Кызылдөбө сыяктуу мектептерде электр жылуулук системасын колдонуу мыйзамдаштырылган эмес, уруксат кагаздары жок, коопсуздук техникасы сакталбаган.

Ноокат билимканасында болсо жылуулук системасы быйыл тургай мурунку жылдары да электрге туташтырылган эмес. Борко лицейи, Токторов, Кызыл октябрь, Герейтшорон, Осмонов сыяктуу мектептер көмүр менен жарым-жартылай, көпчүлүгү 20-30 пайыз гана камсыз болгон. Ош, Баткен облустары боюнча регионалдык мамлекеттик энергия инспекциясынын ушул билдирүүсүнө ылайык Ноокат райондук прокуратурасы аталган кемчиликтер боюнча мыйзам чараларын көрө баштагандыгы да эскертилген.

XS
SM
MD
LG