Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:59

Акыйкатчы маалымат жыйынын өткөрдү


БИШКЕК. "Өлкөнүн Эсептөө палатасы Кыргызстандын Акыйкатчы институту республикалык бюджеттен алган акчаны кандай пайдалангандыгы боюнча текшерүүсүн бүттү. Текшерүүдө эч кандай мыйзам бузуулар аныкталган жок". Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу билдирди. Ошондой эле ал журналисттерди жакында Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан шайланган эки орун басары менен тааныштырды. Акыйкатчынын айтымында, орун басарлыкка шайланган Садык Шер-Нияз өлкөнүн түндүк, ал эми Мамат Момунов республиканын түштүк региондорундагы адам укуктарынын сакталышы боюнча иш алып барат. Ошондой эле Турсунбай Бакир уулу Акыйкатчыга эки орун басары аздык кылаарын айтып, өткөн аптада Мыйзам чыгаруу жыйынына үчүнчү орун басарды шайлап берүүнү өтүнүп кат жолдогондугун кошумчалады.

Акыйкатчынын эки орун басары октябрь айында Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан бюллетень салуу аркылуу жашыруун добуш берүү менен шайланган.

XS
SM
MD
LG