БИШКЕК. «Рентонгрупп» жана «Камкор» ишкана жетекчилерине алданган аманатчылардан миңден ашыгы бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын, андан соң Өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыгышты. Алар президент Акаев өткөн жылдын декабрь айында кыргыз телерадио корпорациясы аркылуу "түз эфирде" сүйлөгөн сөзүндө жакынкы күндөрү күнөөлүүлөрдү таап, аманачылардын акчасын төлөтүп берүүнү убада кылгандыгын, мамлекет башчынын мындай убадасынан бери тогуз айдан ашуун убакыт өтсө да андан эч кандай натыйжа боло электигин айтып кыйкырышты.
Аманатчылар менен Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Николай Байло жолугушуп, аманатчылардын акчасын аткаруу бийлик жетекчилери кайтарууга милдеттүү экендигин түшүндүрдү.
Андан соң нааразылык акциясынын катышуучуларынан 200гө жакын адам Акүйдүн алдына топтолушту. Жогорку бийлик өкүлдөрүнөн эч ким жолугушууга чыкпай койгон соң, улгайган адамдар көчөдө туруп алышып мамлекет башчы Аскар Акаевге кайрылуу жазышты. Кайрылуу ээлери мамлекет башчысынан алардын акчасын кайтарып берүүгө көмөктөшүүнү жана жакынкы күндөрү өкмөт башчы Николай Танаев менен бирге жолугушууга чыгууну өтүнүштү.
Ошондой эле кайрылууда эгерде алардын акчасы жакынкы күндөрү кайтарылып берилбесе, келечекте жол тосуу сыяктуу ар кандай акцияларга бара тургандыгы эскертилген.
«Рентонгрупп» ишканасынын жетекчилиги 2003-жылдын августь айында белгисиз жакка качып кеткендиги маалымдалган. Демилгелүү топтун маалыматына караганда, ишкана жетекчилиги өлкө боюнча үч миңге жакын атуулдун 250 миллион сом акчасын алып кеткен.