Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

АКЫЙКАТЧЫ АЛДЫДАГЫ ПЛАНДАРЫН АЛДЫГА ЖАЙДЫ


Азиза Турдуева, Бишкек Акыйкатчынын “2003-жылы Кыргызстанда адамдардын атуулдук укук, эркиндиктеринин сакталышы жөнүндөгү” баяндамасы Жогорку Кеңештин кош палатасы тарабынан жактырылган. Депутаттар өкмөткө 2005-жылы Омбудсмендин аппаратына каралган акча толугу менен берилсин деген да тапшырма беришти.

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу бүгүн маалымат жыйынында белгилегендей Омбудсман аппарытынын буга чейинки ишмердүүлүгүндөгү кыйынчылыктар эки маселенин чечилбей жаткандыгына байланыштуу:

- Биздин иштеги кыйынчылыктар биринчиден, каражаттын жетишсиздигине байланыштуу болду. Айыл, райондорго барып, арыздар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзгөнгө акча жок. Биздин иштин алдыга жылышына ошондой эле "Акыйкатчы жөнүндөгү" мыйзамга башка бир топ мыйзамдардын шайкеш келтирилбей жатканы тоскоолдук жасоодо.

Ал эми айрым саясатчылар болсо кыргыз бийлиги Омбудсман институтунун тоскоолдуксуз иштешине кызыкдар эместигин айтышууда. Бул жөнүндө «Эркиндик» партиясынын төрагасы Топчубек Тургуналиев мындай дейт:

- Авторитардык бийлик эч качан Акыйкатчынын жакшы иштешине кызыкдар болбойт. Анткени ага анын кереги жок. Бир гана эларалык коомчулукка биздин демократиялык өлкө курулуп жатат дегенди көрсөтүү үчүн гана бул институтту түзүп, мыйзамды кабыл алып коюшту .

Акыйкатчынын баяндамасында айтылгандай өткөн жылы Омбудсман аппаратына 14 миңден ашуун адам арыздары менен кайрылды. Алардын ичинен 3 миңине жакынынын арыздары оң чечилген.

Омбудсмен инстутутунун ишине сот, тартип коргоо органдары тарабынан тосколдуктар бар. Ага мисал катары Акыйкатчы төмөнкүлөргө токтолду:

- Райондук, облустук тургай, борбордук тартип коргоо органдары да биздин ишибизге тоскоолдуктарды көрсөтүүдө. Мисалы, Баткендеги ички иштер бөлүмүндөгү СИЗОдо отурган атуулдардын арызы боюнча ал жерге Омбудсман кызматкерлери барышса, милиционерлер аларды уруп-токмоктоп, документтерин алып коюшуптур.

Ал эми ички иштер минстрлигинин басма сөз кызматынын жетекчиси Жолдошбек Бусурманкулов болсо тартип коргоо органдары тарабынан Омбудсман аппаратынын ишине эч кандай тоскоолдук болгон жок деп билдирди:

- Тартип коргоо органдары тарабынан Омбудсмен институтунун ишмердүүлугүнө тоскоолдуктар көрсөтүлүп жатат деген негизсиз. Анткени, тартип коргоо органдарынын да башкы максаты – адамдардын укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө болуп саналат. Башкача айтканда, биз бири-бирибизге бут тоспой, биргелешип иштешибиз керек. Ошондуктан "тартип коргоо органдары тоскоолдук кылып жатат" деп саясат чыгаруунун кереги жок .

Пресс-конференцияда 2005-жылы Омбудсмендын ишмердүүлүгүндө артыкчылык бериле турган айрым багыттар жөнүндө да айтылды. Аларга Турсунбай Бакир уулу мындайча токтолду:

- Кийинки жылы Омбудсмендин ишинде жаза өтөө жайларында, психиатриялык жайларда жаткан адамдардын укуктарынын, эркиндиктеринин сакталышына көз салуу, шайлоочулардын, шайлоого талапкер катары катышкан атуулдардын укуктарынын сакталышына, атуулдардын укуктук деңгээлин жогрулатууга негизги көңүл бурулат. Ошондой эле кийинки жылы пикет, митингдердин да көп болушу күтүлүүдө.

Турсунбай Бакир уулу жыйында Кыргыз улуттук телерадиокорпорациянын, “КООРТ” телекомпаниясынын, “Вечерний Бишкек”, “Слово Кыргызстана” гезиттеринин журналисттерине каршы берилген доо арызын эгерде алар ырасмий түрдө кечирим сурашса, кайтарып алаарын да билдирди.

XS
SM
MD
LG