Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Автобекеттин кызматкерлери Акыйкатчыга арыз жолдошту


ТАЛАС. Арыз катта Талас шаарындагы автовокзалдын башчысы Аман Абылгазиев бул кызматка 8 ай ишсиз жүрүп, кадрдык көмүскө жол менен келип калгандыгы, алгачкы күндөрдөн баштап эле ачык айтып, ак иштеген кызматкерлерди куугунтукка алып, иштен кетиргендиги, эмгек жамааты экиге бөлүнүп калгандыгы айтылат.

Катта ошондой эле жаңы жетекчинин оройлугу, Эмгек кодексин одоно бузгандыгы республикалык, облустук кесиптик кошуундар федерациясында бир нече ирет талкууланып, Аман Абылгазиевдин ээлеген кызматына ылайык келбестиги министр Кубанычбек Жумалиевге, губернатор Искендер Айдаралиевге сунушталгандыгы жазылат. Бирок маселе дагы деле чечиле элек.

«Биримдик» автобазасынын айдоочусу Мурат Рысбековго 18-сентябрь күнү кол тийгизип, чоң муштумдук кылган факты боюнча шаардык прокуратура да иликтөөнү илең-салаң жүргүзүп жаткандыгы жазылат нааразычылык катта. Арыз ээлери маселе калыс чечилбесе бийликке нааразычылык акциясын уюштураарын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG