Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

Кыргыз өкмөтү сугат суу үчүн карызды кечти


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү бүгүн өзүнүн кезектеги токтому менен сугат суу пайдалануучулардын райондук суу чарба башкармалыктарына болгон кайтарымсыз карыздарын жойду. Токтомдун негизинде айыл чарба министрлигине караштуу суу чарба департаментинин райондук суу чарба башкармалыктарынын балансында турган 18 200 миң сом каражат жоюлду. Бул карыз элдин 1995-2000-жылдар аралыгында сугат сууну пайдаланышынын эсебинен топтолгон.

XS
SM
MD
LG