Италиянын мамлекеттик прокурору кечээ күнү сотко кайрылып, премьер-министр Силвио Берлусконини сегиз жылга эркинен ажыратууну талап кылды. Прокурор Илда Бочассининин айтымында, саясатчы боло электе Берлускони 1980-жылдарда Рим шаарынын жетекчилерине жана сотторго көптөгөн пара берген. Төрт жылдан бери уланып келаткан бул чатак сотто үстүбүздөгү жылдын аягында же келерки жылдын башында каралууга тийиш. Берлусконинин айтымында, бул сот иши саясий себептерден башталган.