Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Кыргызстан Кытайдан делегацияны күтүүдө


БИШКЕК. 15-ноябрда Бишкекке премьер-министр Николай Танаевдин чакыруусу боюнча Кытай Эл Республикасынын Шинжаң аймагынын партиялык комитетинин катчысы Ван Лэцюань келет. Сапар учурунда ал президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев, вице-премьер-министр, транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиев, экономикалык өнүгүү, өнөр жай жана соода министри Амангелди Муралиев жана башка жетекчилер менен жолугушат. Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий, соода-экономикалык, маданий кызматташтык маселелери, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы 2004-2014-жылдарга эсептелген кызматташуу программасынын ишке ашырылышы боюнча пикир алышат.

Мында ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоор талкууланып, Ош-Сары-Таш-Эркечтам жолун реконструкциялоо маселелери да каралат.

XS
SM
MD
LG