Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Тайванда көз карандысыздыкты жактагандар менен кытайчылар кагылышты


Чатак өкмөттүн мектеп үчүн жаңы окуу китептеринде Кытайдын жана Тайвандын тарыхын бөлүү планынан улам чыккан. Окуя ошол окуу китептери боюнча жыйын өтүп жаткан кеңсенин сыртында болду. 1949-жылкы граждандык согуштан кийин бөлүнгөн Кытай менен Тайвандын тарыхы орто мектептердин жогорку класстарында "Атамекендин тарыхы" катары чогуу окутулат. Бирок президент Чен Шуйбяндын көз карандысыздыкка ыктаган өкмөтү 2006-жылы чыгуучу окуу китептеринде аларды бөлүп, Тайвандын тарыхына алдыңкы орун берүүнү пландоодо. Тайванды өзүнүн бир бөлүгү катары эсептеген Кытай эгер ал көз карандысыздыкка чындап умтулса, күч менен болсо да, каратып аларын эскертип жүрөт.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Улан Эшматов даярдады.

XS
SM
MD
LG