Араб өлкөлөрүндө үч күнгө созулуучу орозо айт майрамы Египетте, Иорданияда, Ливанда, Оманда, Сирияда, Иранда бүгүн, ал эми Бахрейин, Кувейт, Катар, Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттарында кечээ башталган. Майрам Иракта да өтүп жатат. Дүйнөнүн эң ири мусулман өлкөсү - Индонезиянын, Пакистандын өкмөттүк жана диний жетекчилери Рамазан айынын аякташына байланышкан сөздөрүндө калкты экстремизмден оолак болууга чакырышты. Азиянын айрым жерлеринде Орозо айттын алды кыянатчыл иштер менен коштолду. Кашмирде өткөн түнү исламчыл согушкер үч полиция кызматкерин атып кеткен. Таиланддын мусулмандар басымдуулук кылган түштүгүндө, акыркы бир сутка ичиндеги беш жарылуудан кеминде бир адам өлүп, 30 киши жаракат алды. Индонезияда да бомба жарылуусунан алты адамдын өмүрү кыйылды. Жардырууну ким жасаганы белгисиз.
Орозо айт Борбор Азия мамлекеттеринде да белгиленди. Кыргызстандын диний башкармалыгынын эсебинде, бүгүн Бишкекте айт намазга 60 миңден ашуун адам катышты.
Орозо айт Борбор Азия мамлекеттеринде да белгиленди. Кыргызстандын диний башкармалыгынын эсебинде, бүгүн Бишкекте айт намазга 60 миңден ашуун адам катышты.