Жаңы шайлоонун зарылчылыгы автономия лидери Ясир Арафат дүйнөдөн өткөн соң пайда болду. Палестиндерди 40 жыл башкарган Арафат өз мураскорун атаган эмес. Азыр автономия башчысынын милдетин палестин парламентинин төрагасы Раухи Фаттух убактылуу аткарууда.
"Франс Пресс" агенттигинин кабарына караганда, маркум Ясир Арафаттын Фатх кыймылы президенттикке талапкер катары мурдагы премьер-министр Махмуд Аббасты тандаган. Ал эми азыркы премьер-министр Ахмед Корейи бүгүн мурда Арафат ээлеп турган кызматтардын бири - Палестинанын улуттук коопсуздук кеңешинин башчылыгына дайындалды. Палестин жетекчилигинин өкүлү Саеб Эрекат шайлоо жараяны тууралуу мындай дейт:
-Талапкерлер 20-ноябрдан тартып 12 күндүн ичинде өз талапкерлигин көргөзүшү керек. Шайлоо кампаниясы 27-декабрда башталып, 8-январь - шайлоо алдындагы акыркы күнгө чейин жүрөт. Палестин автономиясынын жаңы президентин шайлоо 2005-жылдын 9-январында болот.