Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:35

Фаллужа толук ээленди, бирок али согушкерлердин майда топтору бар


АКШнын аскерлери эл аралык Кызыл жарым ай уюмунун гуманитардык жүк тарткан автокербенин бүгүн коопсуздук жүйөөсүнөн Ирактын Фаллужа шаарына киргизген жок. Фаллужанын тургундары азык-түлүксүз жана суусуз калганына алты күн болду. Аскерий өкүлдөрдүн айтымында, америкалык жана ирактык аскерлер Фаллужа шаарын толугу менен ээлешти, шаарда каршылык көргөзгөн козголоңчулардын ири очоктору калбаганы менен алардын майда топтору бар. Америкалык генерал Жон Саттлер бүгүн буларды билдирди:

-Душман азыр өтө майда топторго бөлүнүп кетти. Бирок сыртка байкоо салуу мүмкүнчүлүгү жок. Алар турган жеринде камаланган. Байланышы жок, координацияга жөндөмсүз.

Расмий маалымат боюнча чабуул башталган өткөн дүйшөмбүдөн бери Фаллужада 1200дөн ашуун козголоңчу жок кылынган, америкалык 31, ирактык 6 жоокер, жөн-жай адамдардын кеминде 20сы курман болду. Өлкөнүн түндүгүндөгү Мосул шаарында бүгүн козголоңчулар полиция бекеттеринин экөөсүнө кол салып, маалыматтарга караганда, Улуттук гвардиянын 6 аскери каза тапты.

XS
SM
MD
LG