Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:33

НАСИРДИН ИСАНОВДУ ЭСКЕРҮҮ


Султан Раев, Бишкек Эгемендүү Кыргыз мамлекетинин биринчи өкмөт башчысы Насирдин Исанов жогорку бийлик тутумунда аз гана мезгил турса да, ал элдин эскерүүсүндө бийик адамкерчиликтеги, таза инсан, мыкты жетекчи катары түбөлүккө калды. Арийне, мындай бийик инсандар элдин эскерүүсүндө жашайт, бүгүнкү кеп оролу да Насирдин Исановду дагы бир жолу эскерип коюу парзынан улам чыгууда.

Насирдин Исановго эгемендүү тарыхыбыздын башатында тунгуч деген сөз туура келет. Ал эркин Кыргызстандын Биринчи өкмөт башчысы катары тарыхта калды дешет адистер. Кыргыз өкмөтүн алгач жетектеген Нисирдин Исановдун бешенесине жаңы багытка карай умтулган эркин демократиялуу Кыргызстандын экономикасын, социалдык чөйрөсүн көтөрүү милдети жүктөлгөн. Эсил кайран союз ыдыраган жылдары өлкөнүн экономикасы итке минип калган кезди элестетээр эле. Мурдагы союздук республикалардын экономикалык байланыштары, карым-катнаштары үзүлүп, ар бир республика өз арбайын тартып, экономикалык кризистин кучагында турду. Бул учурда эч кандай стратегиялык байлыгы жок Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө эркиндиктин баасы өмүрдөн да кымбат турду деп эскеришет адистер. Мына ушул кыйың кезеңде, экономикалык хаосто өкмөттү башкарып кетүүнү өзү чоң атуулдук эрдик эле деп баалашат Насирдин Исановдун замандаштары. Кыргызстан эгемен мамлекет катары чет өлкөлөр менен экономикалык байланыштын көпүрөсүн түзүү менен дипломатиялык каналдарды ача баштады. Насирдин Исанов өкмөт башчысы катары өзүнүн биринчи расмий сапарын тили, дили тектеш Түркия Республикасына жасаган. Кыргызстандын чет элдик экономикалык байланышы түпкү тамыры бир эл менен башталганы да туура багыт катары эсептелген. Кыргызстан Түркияны, Түркия Кыргызстанды өзү үчүн ачкан. Бул байланыш экономикалык жылыштарды алып келген. Насирдин Исанов эски союз урагандан кийин өлкө аймагындагы өнөр жай ишканаларын сактап калуу аракетин, аларды Кыргызстанда калтыруу аракетин барынан жогору койгон. Өлкөдөгү азыркы өнөр жай ишканалары Насирдин Исановдун түздөн-түз кийлигишүүсү аркылуу Кыргызстандын байлыгы катары калып калган дейт байкоочулар.

Насирдин Исановдун экинчи бийик жагы анын жөнөкөйлүгү, адамкерчилиги, жупунулугу дешет билгендер. Насирдин Исановду бала кезден билген, анын жердеши, «Эркинтоо» гезитинин баш редактору Эсенбай Калдаров минтип эскерет:

- Бир жагы иниси, бир жагы жердеши катары бул кишинин адамкерчилиги, бийик кадыры жөнүндө өзгөчө белгилеп айткым келет. Бул киши абдан таза, трайболизмге, жердешчилике берилбегендиги, элдин барын бирдей көргөндөгү жөнүндө биздин айылдаштар азыркыга чейин сөз кылышат, - деп эскерди Эсенбай Калдаров.

Насирдин Исановдун өлүмү ушул кезге чейин табышмактуу сыр бойдон келет дейт айрым адамдар. Чындыгында эле бул кокустукпу, же атайын уюшулган ишпи? Аны эч ким так билбейт. А балким бул суроого келечек гана жооп бериши мүмкүн дейт айрымдар. Канткен күндө да Насирдин Исанов өзүнүн улуулугу менен элинде ысым түбөлүк жашай берет. Ал тууралуу жубайы Бузейне Исанова:

- Насирдин Кыргызстандын туңгуч премьер-министри болгон. Бул киши өтө таза, бөлүнбөгөн, кишинин жакшы жактарын көргөн, жүрөгү жалпы кыгыздын жери, эли деп соккон жигиттердин бири болчу. 60-жылдыгында Насирдиндин жакшы жактарын, элге болгон мамилесин, элим үчүн дегенин эстеп былтыр эстелик тургузулду биздин бульварыбызда. Тургузган эсетелик биздин элибиздин түбөлүк жүрөгүнө калат деп ойлойм, - деди Бузейне Исанова.

XS
SM
MD
LG