Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:56

ЭСЕПСИЗ ЖОГОЛГОН 2 МИЛЛИАРД КИЛОВАТТ СААТ ЭНЕРГИЯ, ЯСЫР АРАФАТ ЖАНА ПАЛЕСТИНА, КӨРКӨМ КОЛ ӨНӨРЧҮЛҮКТҮН ДЕРБИШИ


16-ноябрда жарык көргөн “Агым” басылмасында өлкөдөгү эсепсиз жоголгон энергия, эл аралык валюта Фондунун ишкердиги жана Ясыр Арафат тууралуу макалалар жарыяланса, ал эми “Аалам” гезити улуттук дөөлөт-мурастар тууралуу окурмандардын ой-пикирлерине орун берди.

16-ноябрда, бүгүн жарык көргөн “Агым” басылмасында кабарчы Жолдошбек Зарлыкбековдун Жогорку кеңештин эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Жаныш Рүстенбеков менен болгон маеги жарыяланды. “Азыркы учурда өлкөдө канча көлөмдө газ жагылып жатканынын расмий эсеби, дайымкы учету жок”, деп айтуу менен Жаныш Рүстенбеков бул тармактагы коррупцияны сынга алат. Ошондой эле “Түндүкэлектро” акционердик коомунун менчиктештирүү маселесин күнгөй-тескейин талдоого алуу менен “Дүйнөлүк практикада энергиялык жоготуулар 3-4 пайыздан ашпайт. А бизде болсо 7-8 пайыз. Бул деген 400 млн. киловатт саат энергияны эсепсиз жоготуп жатабыз дегендик. Ал эми энергияны үлөштүрүүчү компаниялардын жоготуусу дүйнөлүк практикада 15 пайыздан аштайт. А биздин мамлекектик агенттик бул компаниялардын 30 пайыз жоготууларын кечебиз деп, кечип берип жатат. Бул өндүрүлгөн энергиянын 4 млрд. киловатт саат ким көрдү кылып салуу дегендик. Ошентип, эсепсиз жоголгон энергия 2 млрд. киловатт саат”, дейт депутат Жаныш Рүстенбеков.

Ушул «Агым» басылмасында дагы кандай макалалар жарыяланганы тууралуу басылманын жооптуу катчысы Гүласина Каленова буларды айтып берди:

- Жакында эле каза болгон Ясыр Арафат жана Палестина тууралуу журналист Алым Токтомушев «Жолбүгүн» рубрикасында ой бөлүшөт. «Дүйнө - бир бүркүм» кабарлары, Эл аралык валюта Фондусунун берген 2 миллиардга жакын карыздары төлөбөө тууралуу жазуучу Сейит Жетимишевдин макаласы чыкты. Кыргыз эстрадасынын бүгүнкү абалы жана келечеги тууралуу белгилүү эстрада ырчылары Бек Борбиев, Сыймык Бейшекеев, Токтобүбү Черикчиева, Гүлнара Тойгонбаева жана башка маданият ишмерлери ой-пикирлерин ортого салды. Жана башка жаңылыктар жарык көрдү.

Ошондой эле шейшембиде жарык көргөн “Аалам” гезити Талас облусунда 9-ноябрда өткөрүлгөн “Улуттук дөөлөт-мурастарга таазим күнү” тууралуу окурмандардын ой-пикирлерине орун берди. “Комузчу” фондунун төрагасы Сазыкбай Турдумалиев: “Жогоркулар бүгүн элди ойлогон жок. Эл бийликти, бийлик элди ээрчибей калды” деп айтуу менен улуттук идеологиянын жоктугун сынга алган. Ушул улуттук дөөлөт-мурастарга таазим күнү жөнүндө “Аалам” гезиттинин саясый баяндамачысы Кенжаалы Сарымсаков мындай дейт:

- Баш аягы 83төн ашыгыраак ар кандай фонддор, бейөкмөттүк уюмдардын өкүлдөрү жана миңден ашуун окурмандар катышкан иш-чара болду. Жалаң эле таластыктардан башка да Ош, Жалалабад облустарынан дагы өкүлдөр катышты. Максат: алакандай кыргыз элинин ынтымагын, биримдигин чыңдап,элибиздин кийинки уул-кыздары улуу мурастарды, рух-дөөлөттөрүн кастарлап, кылымдарды карыткан кыргыздардын учурдагы дүйнөлөшүү заманындагы бабаларынын мурастарын жаштар баалап, кастарлап үйрөнүп, учугун улантып, аталардын касиетин сактап калса деген тилек менен иш-чара өткөрүлүп, түрдүү ой-пикирлер ортого салынды. Окурмандар өздөрү таразалап алышаар.

16-ноябрда басууга даярдалып жаткан “Адабий гезитте” журналист Ысмайыл Кадыровдун белгилүү этнограф, маркум Амантур Акматалиевди эскерген “Көркөм кол өнөрчүлүктү изилдеген дербиш эле” деген макаласы басылганы турат. Ошондой эле ушул басылмада белгилүү акын Асан Жакшылыковдун өмүр жана өлүм тууралуу ойлору, жазуучу Сейит Жетимишевдин өлкөдөгү саясый, экономикалык жана социалдык абал тууралуу ой-толгоолору, жаш акын жана драматург Элмира Токтомушеванын чыгармачылыгы жөнүндөгү макалалар жарык көрмөкчү.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG