Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:02

ЕВРОПА БАНКЫ: «ЭНЕРГЕТИКА - КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАЛУУ ЖЕРИ»


Сапар Орозбаков, Бишкек Европа өнүгүү жана кайра куруу банкы өткөн финансылык жылдын жыйынтыгын чыгарып, өзүнүн отчетун жарыялады. Буга байланыштуу банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана анын Лондондогу кеӈсесинен келген кызматкерлер өкмөт мүчөлөрү жана журналисттер үчүн жыйын өткөрүп, Чыгыш Европа, Түштүк Чыгыш Европа жана Балтия өлкөлөрүндө реформалар негизинен аяктагандыгын, банк эми өз ишмердүүлүгүн КМШ өлкөлөрүнө топтоорун билдирди.

Европа өнүгүү жана кайра куруу банкынын кызматкерлеринин айтымында, өткөн финансылык жыл банк менен иштешкен өткөөл мезгилдеги 27 мамлекет үчүн ийгиликтүү жыл болду. «Бул өлкөлөрдө экономикалык өсүш дүйнөнүн калган бөлүгүнө салыштырмалуу жогору болду», деди банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Даниел Берг. Ал Чыгыш Европа, Түштүк Чыгыш Европа жана Балтия өлкөлөрү базар экономикасына өтүүгө багытталган реформаларды негизинен аякташкандыктарын, банк эми өз акчасын көбүнесе КМШ өлкөлөрүнө берерин билдирди:

- Банктын директорлор кеңеши жана акционерлер кеңеши биздин активдүүлүктү батыш райондордон чыгыш райондорго жылдыруу тууралуу планды кубатташты. Биз эми өткөөл экономиканын биринчи этабында турган 7 мамлекетте өзгөчө активдүүлүк менен иштейбиз. Бул – Кыргызстан жана анын региондогу кошуналары, – деди Даниел Берг, бул 7 мамлекеттин ичине Кыргызстан менен катар Тажикстан, Грузия, Армения, Азербайжан, Өзбекстан жана Молдова өңдүү жакыр мамлекеттер кирерин эскертип.

Бирок ал банк Кыргызстанга акча берүүнү канчага көбөйтөрүн так айткан жок.

- Европа банкы жеке сектор менен иштешет. Ошондуктан биздин активдүүлүк жеке сектордун өзүнө жараша болот – деди Даниел Берг. Анын айтымында, 16-ноябрда банк Кыргызстанга 2004-2006 жылдар үчүн жардам көрсөтүүнүн стратегиясын карап, бул маселе ошондо чечилет. Даниел Берг «ошондой болсо да банктын чакан жана орто бизнести каржылоого 20 млн доллар берери анык», деди.

Банктын Лондондогу баш кеңсесинен келген адистердин билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан өткөн финансылык жылда Кумтөр алтын кенин жеке менчикке өткөрүп берип, ири ишканаларды реформалоону көздөй чоң кадам жасады. Алар Кыргызстан мурда чакан жана орто ишканаларды мечиктештирүүнү жана соода эрежелерин либералдаштырууну жүргүзүп, ишкерлик үчүн жагымдуу шарт түзгөнүн эскертишти. Ошол эле учурда, алардын айтымында, монолияга күрөш жолго коюлбай жана ишканалардагы корпотативдик башкаруу чабал болуп, бул багыттагы реформалар өз жемишин бербей жатат. Адистер акыркы 2-3 жылдын ичинде банк секторунда да жылыштар бар экендигин белгилешет. Бирок алар жол, телекоммуникация, суу менен камсыз кылуу жана энергетика сектору кирген инфраструктура реформадан аксап жаткандыгын баса белгилешти. «Өзгөчө энергетика сектору реформадан артта калып жатат» дешти алар:

- Энергетика сектору өлкө үчүн да, эл үчүн да маанилүү болгондуктан ага өзгөчө көңүл бөлүү керек. Азыр энергетика сектору реформалардын борборунда болууга тийиш, – деди отчет менен тааныштыруу үчүн келген банктын башкы экономисти Рика Исии. Аны менен кошо келген Хосе Карбажо электр энергиясынын тарифин көтөрүп, тармакты менчиктештирүү зарыл деп билдирди. «Тарифти көтөрбөсө, ага инвестор чыкпайт», деди ал өз сөзүндө.

Европа банкынын кызматкерлери «инфраструктура - Кыргызстандын эң талуу жери, эгерде аны реформалоого барбаса, өлкө андан ары өнүгө албайт» деп айтышты.

XS
SM
MD
LG