Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:28

КЫРГЫЗСТАН ПАТРИОТТУК КЫЙМЫЛЫ ПРЕЗИДЕНТ АСКАР АКАЕВДИ ОТСТАВКАГА КЕТИРҮҮ БОЮНЧА КОЛ ЧОГУЛТУУ АКЦИЯСЫН УЛАНТУУДА


Азиза Турдуева, Бишкек Кыргызстан Патриоттук кыймылы өлкөнүн Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевди кызматынан кетирүү талабы президент тарабынан аткарылбаган соң, 28-октябрда Аскар Акаевге импичмент жарыялоо боюнча кол топтоо акциясын баштаган.

Бүгүн бул акция Бишкектин көчөлөрүндөгү эл көп чогулган аялдамаларда улантылды. Бишкектеги Совет көчөсү менен Чүй проспекти кесилишкен жердеги автобекетте президент Аскар Акаевди кызматынан кетирүү боюнча кол чогултуу акциясы саат 11ге жакын башталды. Кыргызстан Патриоттук кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун акциянын максаты жөнүндө мындай деди:

- Биздин бул акцияны жүргүзүп жатканыбыздын себеби – президент Аскар Акаев кетмейинче, алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоолор акыйкат өтпөйт. Демек, Кыргызстанды мындан ары да талап-тоноолор улантылат.

Патриоттук кыймылдын демилгеси менен өткөрүлүп жаткан акцияны колдоп, Акаевдин президенттиктен кетиши үчүн кол коюп жаткан атуулдар өз пикирлерин төмөнкүдөй билдирип жатышты:

- Мен Бишкектин тургунумун. Өзүм 72 жаштамын. Атым Аманбүбү. Эми Аскар Акаев Кыргызстанды дүйнөгө таанытты. Анысына ырахмат. Бирок, башка бирөө болсо деле аны кылмак. Жөн гана отуруп албайт эле. Эми Акаевдин колунан элдин турумушун жакшыртуу келбей калды. Ал Ельцинге окшоп эле, өзүнө жаккан бирөөгө бийликти өткөрүп берип, сый-урматы менен кетсе жакшы болоор эле, - деди Аманбүбү эне.

Таластан келген карыя Бейшеналы Жапаров мындай көйгөйүн билдирди:

- Баары сатылып бүттү. Үзөңгү-Кууштан да айрылдык. Завод-фабрикалар сатылып бүттү. Жаштар туш-тарапта тентип жүрүшөт, жумуш жоктугунан. Элинин турмушун жакшырткандын ордуна кайра жакырчылыкка баттырган мындай бийликтин кереги жок! - деди Бейшеналы Жапаров.

Ал эми Бишкекке 5 баласы менен Ош облусунан келип, майда соода-сатык менен алектенип жүргөн Бүбүайша Исраилова:

- Азыр айылдагы жашоо өтө оор. Бир сындырым нанга жетпеген үй-бүлөлөр бар. Бир маал ысык тамак ичпеген үй-бүлөлөр бар. Мен ушу жакшы бир адам келсе, элдин абалы жакшырабы эле дейм да. Эл ушунчалык оор акыбалга дуушар болду. Эгерде эл бир толкуса, аны токтотуу кыйын болот, кандуу болуп кетиши да ыктымал.

Бүбүйаша Исраилова ушундай пикирин билдирди.
21 жаштагы Азамат Курманбековдун пикири:

- Азыр албетте, жашоо кыйын. Мына биз азыр иштейли десек, жумуш жок. Ата-энелерибиздин пенсияларын алып, жол кире кылып жүрөбүз. Азыркы бийлик алмашмайынча, эч нерсе өзгөрбөйт окшойт.

Бишкектин тургуну, 52 жаштагы Нурманбет Чокоев болсо:

- Эми азыркы жашообузду кичине курсагы тойгондор эле жакшы дебесе, калган эл башынан оор турмушту өткөрүп жатат. Мен да Аскар Акаевдин кетишин каалайт элем, - деди Нурманбет Чокоев.

Анын аралыгында Кыймылдын төрагасы Турсунбек Акун:

- Урматтуу атуулдар! Биз президен Акаевди кызматынан кетирүү боюнча, анын 15 жылдан бери жасаган кылимыштары үчүн кызматынан чегинтүү боюнча кол топтоо акциясын өткөрүп жатабыз! Кимде ким бул акцияны колдосо, келип кол койуп кетиңздер! - деп турду Т.Акун.


Кол чогултуу акциясы жүргүзүлүп жактан жердин туш-тарабында Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери турушту. Аталган райондун ички иштер бөлүм башчысынын орун басары Мелис Абдрахманов алардын эмне себептен бул жерде тургандыгын төмөнкүдөй түшүндүрдү:

- Биз бул жерге коомдук тартиптин сакталышын көзөмөлгө алуу үчүн келдик. Башка максатыбыз жок. Эгерде коомдук тартип бузулса, биз тиешелүү чараларды көрөбүз , - деди М.Абдрахманов.


Ал эми Кыргызстан Патриоттук кыймылынын штаб жетекчиси Назарбек Нышанов милиция кызматкерлеринин бул жерде тургандыгына байланыштуу көптөгөн атуулдар кол койуудан чочулап жаткандыгын белгиледи:

- Мына милиция кызматкерлеринин бул жерди курчап тургандыгы үчүн көптөгөн атуулдарды кол койуудан чоочутуп жатат. Алар милиция кызматкерлери кол койгон адамдарды алып барып камап койот деп чочулашууда, - деди Назарбек Нышанов.


Кыргызстандагы өкмөтчүл айрым сяасий партиялар менебеөкмө уюмдары Патриоттук кыймылынын мындай акциясына каршы пикирлерин билдиришүүдө. “Жаңы күч” партиясынын төрайымы Токон Шайлиева мындай деди:

- Кыргызстан азыр туура жолго түштү. Бул Аскар Акаевдин жасаган ишинин натыйжасы. Аскар Акаев туура багытта реформаларды жүргүзүп жатат. Мен айтаар элем, Акаев жок эле дегенде, дагы 10 жыл Кыргызстанда президент болуп турушу керек , - деди Токон Шайлиева.

Кыргызстан Патриоттук кыймылы тарабынан маалымдалгандай, президент Аскар Акаевди кызматынан кетирүү боюнча кол чогултуу акциясы өлкөнүн башка региондорунда да улантылат.

XS
SM
MD
LG