Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Карабуура району «Жайка» агенттигинин «пилоттук району» деген статуска ээ болот


ТАЛАС. Эл аралык кызматташуу боюнча Жапан агенствосунун адистери Талас облусунун Карабуура районунда бир нече күн бою иликтөө иштерин жүргүзүштү. Алар сыр жана сары май чыгаруучу «Арашан» акционердик коомунда, бир нече үрөнчүлүк чарбаларда, Маймактагы кызылча кабыл алуучу жана жөнөтүүчү темир жол станциясында, ондогон жеке дыйкандар менен фермерлерде болушуп, айыл чарба азык түлүктөрүн өндүрүү жана кайра иштетүүнүн абалы менен таанышышты. Райондук адмнистрацияда өткөн жолугушууда райондогу кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүнүн келечек пландары туурасында айтып беришти. Облус губернаторунун биринчи орун басары Канат Нартаев менен пикир алышууда жапондук адистер Карбуура районун эл аралык кызматташуу боюнча Жапан агентствосунун айыл чарба тармагы боюнча пилоттук району кылып киргизүү ниетин билдиришти жана алдын ала иликтөө иштеринин жыйынтыктарын айтышты. Кыргызстандын бардык облустарынан бирден район тартыла турган бул долбоор 2006-жылдан баштап иштей башташы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG