ЖАЛАЛАБАД. Облустун прокуратура кызматы ар кандай экономикалык кылмыштарга каршы ачылган 164 кылмыш ишинин 106 сын тергеп бүтүп, 103 ишти сот уюмдарына өткөрүштү. Мамлекетке келтирилген 8 млн. сомдук зыяндын 94,2 пайызы кайтарылды. Улуттук коопсуздук кызматы аныктаган 2 млн. 948 миң сомдук зыяндын 46 пайызы өндүрүлгөн. Облустук прокуратурадан алынган малымат боюнча коррупция менен паракорчулука, кызмат абалынан кыянат пайдаланууга каршы иштер алымсындырбайт. Иш жүзүндө пара менен майда кызматтагы он адам гана кармалгал. Чоң кызматтагы паракорлорго каршы иш дээрлик жүргүзүлгөн жок. Мамлекеттик уюмдардын 40 кызматкери жоопко тартылса, алардын 35 пайызын ички иштер адистери түзөт.