БИШКЕК. Кыргызстанда Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Орусиянын туруктуу өнүгүү, экология жаатына кызмат кыла турган субрегионалдык маалымат тармагы түзүлдү. КАРНЕТ деп аталган бул тармак проблемалар жана демилгелер боюнча маалымат таратуу жана маалымат алмашууга кызмат кылат. Топтолгон маалыматтар мамлекеттик, бейөкмөт, эл аралык уюмдарга жана жалпы коомчулукка таратылат. Бул тууралуу бүгүн «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында айлана-чөйрөнү коргоо боюнча адистер билдиришти.
Маалымат тармагын түзүү демилгеси буга чейин өткөн үч күндүк семинарда колдоого алынган.
Маалымат тармагын түзүү демилгеси буга чейин өткөн үч күндүк семинарда колдоого алынган.