БИШКЕК. Орусиянын жана Кыргызстандын президенттери Владимир Путин менен Аскар Акаевдин Москвада өткөн жолугушуусу Орусия бийлиги Камбарата-1 жана Камбарата-2 ГЭСтерин куруу боюнча аракеттерди тездетүү зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу бүгүн Акаевдин Орусияга сапарынын жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында пресс-катчы Абдил Сегизбаев билдирди. Анын айтымында, Орусия келерки жылдан баштап ГЭСтерди курууга эсептелген 1,5 миллиард доллар өлчөмүндөгү каражатты инвестициялоо үчүн ички мүмкүнчүлүктөрдү караштыра баштайт. Ал эми курулуштун техникалык –экономикалык негиздерин тактоого Орусия өз бюджетинен 100 миллион рубль каражат каралды.
Абдил Сегизбаевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда алюминий заводун курууга, Өзбекстандан газ алууну турукташтырууга да Орусия колдоо көрсөтмөй болду.
Абдил Сегизбаевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда алюминий заводун курууга, Өзбекстандан газ алууну турукташтырууга да Орусия колдоо көрсөтмөй болду.