Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:52

Мыйзам чыгаруу жыйыны энергетика тармагын менчиктештирүүнү кароого макул болобу?


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү Мыйзам чыгаруу жыйынын бейшемби күнкү отурумуна Кыргызстандын энергетика тармагын, тагыраак айтканда «Түндүкэлектр» ишканасын узак мөөнөткө концессияга берүү тууралуу маселени кароого сунуштайт. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу комитетинин башчысы Равшан Жээнбеков журналистерге билдирди. Ошондой эле ал журналистерге Мыйзам чыгаруу жыйында өткөн аптада кабыл алынган “Концессия жана концессиялык ишканалар жөнүндө” мыйзам долбоору тууралуу түшүндүрмө берди. Анын айтымында, кызуу талаш-тартыштан соң аткаруу бийлигин жана парламентти толук канааттандырган мыйзам кабыл алынды. Мындай мызамга ылайык эми мамлекеттин колунда үчтөн эки пайыз акциясы бар акционердик коомдорду концессияга берүүгө жол ачылды. Мыйзам чыгаруу жыйындагы оппозициячыл жана орточул маанайдагы он тогуз депутат бир айдан бери өлкөнүн энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы болуп келишүүдө.

XS
SM
MD
LG