Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

КӨРНӨКТӨРДҮН КЫРГЫЗЧА ЖАЗЫЛБАГАНЫ - МАМЛЕКЕТТИ СЫЙЛАБАГАНДЫК. МУГАЛИМДИН ЭРДИГИ.


Шаардагы жарнактардын баары орус тилинде болуп, негедир анын кыргызча жазылышына маани берилбей келет, деп Заман Кыргызстан гезити кабарлады. Ал эми бүгүн чыккан «Республика» гезитинде өлкөдөгү коорупциянын таралышы тууралуу материал жарык көрдү.

Көрнөктөрдүн кыргызча жазылбаганы - мамлекетти сыйлабагандык, деп жазат Заман Кыргызстан гезитинин майрамдык чыгарылышы. Анда борбор калаабыздагы көрнөк-жарнактар кыргыз тилинде жазылуусу керек деген маселенин үстүндө тил комиссиясында кыйладан бери талаш-тартыштар жүрүп, шаардагы жарнактардын баары орус тилинде болуп, негедир анын кыргызча жазылышына маани берилбей келет. Жазылса да, орфографиялык жактан толгон каталар менен жазылат, деп кабарлады басылма. Мындан ушул эле гезитте орозо айт майрамына арналган макала орун алды. Анда ар бир кыргыз жана ар бир мусулман чоңойгон үйдө Орозо айтты жыл бою урматтап күтүп, аялуу тамагын, таттуу даамын айтка деп сактап, кыз-келиндер, уландар жаңы кийимин айтка деп алып, ушул айт күнү намазын окуп, араздашкандар элдешип, таарынычтар жазылат. Казан-казан боорсок бышып, жылдын башка айында курсагы тойбой келген жардылардын маңдайы жарыла кубанып, улуу жараткандын кудуретине сыйынат. Айт күнү төрөлгөн ымыркай болсо ага Айтбек, Айтбүбү же Рамазан дегендей аттар жакшы тилек менен коюлат, деп жазат басылма.

Өкмөт эки тасманы каржыламак болду. Учурда каржы маселесинен аксап турган кыргыз кинематографиясына өкмөт атайын көңүл бурууда, деп кабарлады Заман Кыргызстан гезити.

Ал эми бүгүн жарыка чыккан «Республика» гезитинин башкы редактору Замира Сыдыкованын билдирүүсүнө ылайык, гезиттин жаңы санында кинематоргрофисттер союзундагы чыр чатак тууралуу макала орун алды. Мындан тышкары өлкөдөгү коррупциянын айынан чет жактан келген донорлор каражат бербестигин билдиргени тууралуу материал кетти. Мындан тышкары гезиттин ушул эле санында прокуратура системасынын иши кандай болуп жаткандыгы жөнүндө макала орун алды.


Ал эми «МСН» басылмасынын кезектеги санында кандай макалалар орун алгандыгы туурасында гезиттин жооптуу катчысы Владимир Цой төмөнкүчө билдирди:

- Гезиттин негизги материалы президенттин кайрылуусу менен байланыштуу. Анда макаланын автору Вячеслав Темирбаев президенттин кайрылуусундагы айрым сөздөр чындыктан алыс экенин айткан. Мындан тышкары Орозо айттан фото репортаж чыкты. Ошондой эле гезитибиздин кезетеги санында Елена Скородумованын Бөкөнбай айылынын орто мектебинин мугалими айлыгын албагандыктан мектептин жетекчилигине каршы чыккандыгы туурасында «Мугалимдин эрдиги» деген макла жарыка чыкты.
XS
SM
MD
LG