Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:37

КЫРГЫЗСТАНДЫК ФУТБОЛЧУЛАРДЫН СИРИЯДАГЫ ТАЙМАШЫ


Былтыр күздөн баштап 2006 – жылы Германияда өтчү футбол боюнча дүйнө чемпиоантына талапкерлерди иргеп алуу мелдештери башталган. Биринчи этапта Пакистандык футболчуларды 6:0 эсебинде уткан Кыргызстандын командасын адистер дагы чебердикти жогорулатуу керектигин айтышкан. Тилекке каршы кыргызстандык футболчулар кийинки 2-этапта ийгилик жарата албады. Эми 17-ноябрда Дамаск шаарында Кыргызстандын командасы акыркы беттешүүсүн өткөрүп жатат.

Азия аймагындагы 32 өлкөнүн командалары 8 топко бөлүнүп, кийинки этапта дагы мыктыларды иргеп алууну көздөгөн. Чучукулак кармалганда Кыргызстандын футболчулары 2-этапта Тажикстан, Сирия, Бахрейни өлк өл өрү менен бир топко түшк өн. Өлкөнүн футбол федерациясы Казакстан, Өзбекстан жана Орусиянын футбол клубдарында ойноп жүрүшкөн кыргызстандык футболчуларды чогултууга кылган аракети натыйжа бербеди. Айрымдары ошол өлкөнүн атуулдугун алып алгандыгына байланыштуу оюнга келе албады. Кээ бир футболчулары командалар кое беришкен эмес. Себеби, Кыргызстандын футбол федерациясы оюнчулар жана коңшу өлкөлөрдүн футбол клубдары менен түзгөн келишимдери чийки боюнча калган дешет адистер. Натыйжада, Тажикстан, Бахрейн командаларына утулуп жана Сирия өлкөсү менен Бишкекте тең чыгып, кийинки айлампага чыга албай калды.

Дүйнө чемпионатына талапкерлерди иргеп алуу мелдештериндеги Кыргызстандын командасынын оюндары тууралуу «Шоро» футбол клубунун жаштар командасынын машыктыруучусу Токтогон Элтинов өз пикирин мындайча билдирди:

- Кыргызстандын башкы машыктыруучусу Нематжан Закиров абдан көп катачылыктарды кетирди. Биринчи этапта ийгиликке жеткени менен, экинчи этаптагы оюндарда эле коргонууга өтүп, начар тактиканы колдонуп алды. Жакшы комбинациялар аягына чыкпай жатат. Оюнчулар коллективтүү оюн көрсөтпөй, жеке чебердигин көрсөтүүгө аракет кылышты. Күйөрмандардын көңүлү кайт болуп, абдан нааразы. Өлкөнүн башкы машыктыруучусу Нематжан Закиров жергиликтүү улуттун өкүлдөрүнүн мыкты оюнчуларын команданын катарына кабыл албай, көз жаздымда калганы өкүнүчтүү. Минтип ойношсо кийинки беттешүүлөрдө деле ийгилик болбойт. Футбол федерациясы маркетинг кызматын колго алуусу керек.
Биздин федерация башка өлкөлөрдө ойноп жүргөн жигиттерди толугу менен чакырып, келтире албады. Коңшу өлкөлөрдүн клубдары оюнчуларды жибербей коюшканы үчүн айып төлөшү керек. Же аларды ФИФАнын сотуна берип, чара көрүү зарыл. Балдар канчалык аракет кылганы менен тажиктер жакшы даярданып келишкени мелдештин тагдырын чечип койду. Биздин жигиттер чабуулду 2-таймда гана баштаганы натыйжа бербеди.Эми каталыктарды оңдоп, келээрки оюндарга мыкты дарядануубуз керек.


2-этапта Кыргызстандык командасы дагы 5 оюн өткөрдү. Дээрлик бардык оюнда кыргызстандын командасы ийгилик жарата албады. Эми Сирияда өтчү беттешүүнүн тагдыры да бүдөмүк. Себеби, мурда да сириялыктар менен кыргызстандын командасы бир ирет Бишкекте тең чыккан. Бул топко кирген командалардан Сириянын футболчулары 8 упай топтоп, экинчи катарда тургандыктан, 17-ноябрдагы Дамаск шаарындагы мелдеште Кыргызстандын командасын сөзсүз утууну максат кылышууда. Себеби, Бахрейн өлкөлөрүнүн командасынын даярдыгы дурус болуп, алар 11 упай менен биринчи катарда турушат. Алар да ушул күнү Тажикстан менен болгон акыркы чечүучү беттешүусүн өткөргөнү турушат. Сириялыктар өз жеринде кыргызстандыктарды утуп алышса, ал эми тажиктер да бахрейндиктерди жеңсе, анда бирдей упай топтолуп калса, топтордун айырмасы боюнча кийинки турга Сирия, Бахрейн же Тажистан өлкөсү да чыгып кетүүсү ыктымал.

Кыргызстандын командасында жергиликтүү калктын өкүлдөрү дээрлик аздыгын айтуу менен «Заман Кыргызстан» жумалыгынын футболдук баяндамачысы Табылды Асыгалиев мындай дейт:

- Кыргызстанда 80 пайыз кыргыздар жашап туруп, командада 2-3 жигит ойногону намыска тийчү маселе. Жакшы оюногон жигиттер деле арбын. Эмне үчүн бул команданын катарына Замир Жумагулов, Талант Самсалиев, Нурзат Кадыркулов, Самарбек Андабеков сыяктуу мыкты футболчулардын кошулбай калышы да табышмак.
Азыркы учурдагы федерациянын президенти Амангелди Муралиев, генералдык катчысы Кылыч Бердибеков баштаган жетекчилер жыргатпайт, Кыргыз футболунун кадыр-баркын көтөрө алышпайт. Биздин федерация башка өлкөлөрдө ойноп жүргөн жигиттерди толугу менен чакырып, келтире албады. Коңшу өлкөлөрдүн клубдары оюнчуларды жибербей коюшканы үчүн айып төлөшү керек. Же аларды ФИФАнын сотуна берип, чара көрүү зарыл. Балдар канчалык аракет кылганы менен башкы машыктыруучу Нематжан Закиров өзүнү адисттик даярдыгынын начардыгын айнинелеп койду. Команданы да, башкы машыктыруучуну дагы алмаштырып, кайра түзүү керек.


Азиядагы 32 команданын 8 тобунун жеңүүчүлөрү 3-этапта күч сынашып, 2006-жылы Германияда өтчү дүйнө чемпионатына Азия аймагынан 3 комадага гана катышууга укук берилет.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG