Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Кыргызстандагы оппозициячыл саясий партияларынын Ош обласындагы өкүлчүлүктөрү Ош шаарында жыйын өткөрүштү


ОШ. «Жаңы Кыргызстан», «Кыргызстан коммунисттери» жана башка бир катар оппозициялык маанайдагы партиялардын жергиликтүү бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү бүгүн атайын жолугушуу өткөрүштү. Анда Кыргызстан элдик кыймылынын Ош облустук жана шаардык бөлүмүнүн штабын ачуу жөнүндө макулдашуулар жүргүзүлдү. Облустук жана шаардык бөлүмүн уюштуруу жыйынынын күн тартибинде облустук бөлүмдүн жетектөөчү органынын жалпы курамы, жетекчиликти шайлоо жана алдыда келе жаткан саясий өнөктүктөргө карата даярдыктарды жүргүзүүнүн абалы боюнча маселелер каралат. Кыргызстан элдик кыймылынын Ош облустук жана шаардык бөлүмүн уюштуруу жыйыны ушул жылдын декабрь айынын баш ченинде белгиленмекчи. Жыйынга облустагы ар бир айыл өкмөтүнөн ондон делегат чакырылат.

XS
SM
MD
LG