Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:21

ТАТАРСТАНГА ЖАҢЫ ТАМГА УРУНУУГА УРУКСАТ БЕРИЛГЕН ЖОК


Орусиянын Конституциялык соту, 16-ноябрде, Орусиянын аймактарында жашаган элдерге жазмасын латын же кирилица тамгалар негизинде өзү билгендей жазап алууга тыюу салды. Мындай чечим Татарстан Жогорку соту менен Татарстан Дөөлөттүк шурасы - маселе аймактардын укугундагы иш деп эсептеп арыз киргизгенден улам ага жооп катары кабыл алынган. 1999-жылы Татарстан дөөлөттүк шурасынын чечими менен өлкөдө латын тамгасына өтүү башталган.Азыр ал кирилица менен жарыш пайдаланылат. Казанда 17-ноябрда журналисттер алдында сүйлөгөн сөзүндө президент Минтимер Шаймиев: «Татарстан латын тамгасына өтүүсүн уланта берет», - деген.

Экинчи күнү Орусиянын конституциялык соту чыгарган өкүмдү орус эмес бардык элдерге тийешеси бар дешет. Эч ким мындан ары өзү каалагандай жазуусун кирилица тамгасынан башка тамгага көчүрүүгө уруксат жок.

Башкы сотко кайрылып,өз укугун талашууну Татарстан баштаган. Андай укук талашуу ушул жылы Мамдума кабыл алган “Орусия Федерация элдеринин тили жөнүндө” мыйзамдан улам пайда болгон. Ал мыйзамда өлкөдө бардык элдер жазуусу кирилица негизинде болушу керек делинет. Татарстан Жогорку соту менен Дөөлөттүк шурасы буга каршы чыгып алар Орусия конституция сотуна кайрылышкан.

Орусия Конституциялык сотунун төрагасы Валерий Зорькин 16-ноябрде өкүмдү өзү окуду:

- Бул маселени жумурият өз алдынча чечкенде – мамлекеттин федералдык биримдигин бошоңдотуу гана эмес,бийликтин тил чөйрөсүндөгү федералдык укугун бузуу ошону менен бирге атуулдардын конституциялык укугун жана эркиндигин чектөө болмок, - деди Зорькин мырза.

Ошол эле учурда Конституциялык сот улуттук тилдерде латын тамгасын такыр эле колдонууга жарабайт деп да айткан жок. Анын туш келди, ар бир элдин оюна келгендей пайдалануусуна гана тыюу салды. Ошол себептүү Татарстандагы латын тамгасына өтүүнү сыноо учуру деп эсептешүүдө.

Жумурияттын 30 мектебинде латын тамгасы менен басылган окуу китептеринен сабак берилет. Бул туурасында Татарстандын Орусиядагы ыйгарым өкүлү Назиф Мириханов айтты:

- Биз сыноо түрүндө жаңы тамганы мындан ары да жатыктыра беребиз. Орусиянын татар коомчулуугу менен кеңешип, КМШдагы латын тамгасына өткөн өлкөлөр менен кеңешүүлөрдү жүргүзөбүз.

Конституциялык соттон чыкканда Татарстан Дөөлөттүк шурасынын төрагасы Фарит Мухаметшин “европалык сотко даттанбайбыз” дегени менен Страсбургдагы сотко кайрылууну туура көргөндөр да бар экени маалым болду. Андай ойду Казандын тургуну Разил Валиев айтат:

- Биз ушуну менен токтоп кала албайбыз. Биздин эми бирден бир жолубуз калды. Ал жол батыштын барктуу калаасы Страсбургдагы эл аралык сотко карай кетмекчи. Бизде эми андан башка жол калган жок, - дейт Татарстан дөөлөттүк шуранын депутаты.

17-ноябрде, РИА “Новости” агенттиги таркаткан маалыматта президент Минтимер Шаймиев:

- Кечөөкү Орусиянын конституциялык сотунун чечими Орусия Федерация субъектерин укугунан ажыраткан жок. Бул учурда Татарстан жумурияты – алдыдагы маселени чечүү үстүндө. Ал маселе федералдык мыйзам кабыл алынганда толук чечилет, - деген.

XS
SM
MD
LG