Кечээ 17 ноябрда жарыка чыккан «Кыргыз Туусу» жана «Слово Кыргызстана» басылмаларынын негизги макалалары мамлекет башчы Аскар Акаевдин Орусияга жасаган сапары тууралуу болду. Анда жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда улам ыраатуу да, динамикалуу да өнүгүп жаткан ар тараптуу кызматташуунун тенденциясы канааттануу менен белгиленди деп жазат басылма. Ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстанда ГЭСтерден тышкары , алюминий жасоо заводун курууга да жардам көрсөтө тургандыктарын кабарлады.
Террордук коркунуч Оруссияга так Орто Азиядан келе жатат, ошондуктан Кантта аскерий база жайгашып жатат, деп Владимир Жириновский «Времена» берүүсүндө билдиргени туурасында «Аргументы и факты» гезити маалымдады.
Мындан тышкары гезиттин ушул эле санында «Оппозиция бизди кайсы жака чакырат?», деген макала орун алды. Анда кыргызстандык оппозициянын социалдык саясий плаформасы деле жок сыяктанат, муну 7 ноябрда өткөн Кыргызстан элдик кыймылынын жыйыны далил деп жазды гезит.
Ал эми бүгүн жарыка чыккан «Общественный рейтинг» басылмасында АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Лора Кеннеди менен маеги орун алды. Басылманын ушул эле санында «Кыргызча конституция» деген макалада өлкөнүн конституциясынын кыргызча жана орусча варианттарында келишпестиктер байкалат деп жазылды. Эксперт Чоробек Имашев Эл аралык валюта фондусунун каражаттары эмнеге жана кандай жумшалып жаткандыгы туурасында ой пикири менен бөлүштү.
17 ноябрда жарыка чыккан «Республика» гезитинде Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйынын төрагасы Абдыганы Эркебаев менен маек орун алды. Анда ал «мен бир гана нерседен корком, жаңы парламентке кылмыш чөйрөсүндөгү адамдардын келгени», деп билдирген.
Режиссер Асанкожо Айтыкеев, республиканын эл артисттери Бакирдин Алиев жана Муканбет Токтобаев "Мосфильм" киностудиясы тарабынан тартылган "Тарантинону алуу" кинотасмасына катышкандыгы тууралуу пикирин 17 ноябрда жарык көргөн «Вечерний Бишкек» басылмасында билдирди.