Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:32

16-НОЯБРЬ - ЭЛ АРАЛЫК САБЫРДУУЛУК КҮНҮ


Коом жана турмуш ЮНЕСКО уюму 16-ноябрды Эл аралык сабырдуулук күнү деп белгилеген. Мындай чечим төгүн жерден чыккан жок, дүйнөнүн ар башка аймактарында экстремисттер динге жамынып алып бейпилдикке чагым салууда. Байкоочулар Батышта мусулмандарды өгөйлөө сезими өрчүп баратканына кабатыр. Эл аралык жаңылыктарга көз чаптырсак, бардык жерде коомдогу сабырдуулук, чыдамдуулук азайып баратканына күбө болобуз. Ошол эле учурда адамдар арасында бири-биринин көз караш, пикирин урматтоого үндөгөн аракеттер да активдешүүдө.

Эл аралык сабырдуулук күнү – эң ириде коомдогу ынтымак-ырашкерлик үчүн жоопкерчилик жалаң өкмөттүн эмес, ар бир жеке инсандын колундагы иш экенин эске салууну көздөйт. Ушу тапта Балкан чөлкөмү менен Жакынкы Чыгыш – ич ара эрегиш-касташуулардан арыла албай келаткан кооптуу аймактар эсептелет. Ошол эле учурда дал ушул эки чөлкөмдө коомдогу сабырдуулук үчүн жан урөп күрөшүп келаткан адамдар, атайын уюшмалар да аз эмес.

Андай мисалдардын бири катары Босния-Герцеговинанын борбору Сараеводогу "Понтамина" музыкалык жамаатын атай кетсек болот. Босниядагы кандуу согуш аяктагандан кийин бир жыл өтпөй түзүлгөн ушул чыгармачыл топко ар башка диндин, улуттун өкүлдөрү чогулуп, жалаң ынтымак, биримдик жөнүндөгү ырларды аткарганы үчүн эл арасында "руханий көпүрө" деген атка конгон. Балкан чөлкөмүндөгү шаар-кыштактарды түрө кыдырып, концерт коюп, бейпилдикке үндөп-жайылткан ишмердиги үчүн "Понтаминанын" ырчылары быйыл АКШда жайгашкан "Жер - жалпыбыздын үйүбүз" фондунун сыйлыгын жеңип алды. Аталган фонд жыл сайын дүйнөнүн ар тарабында чыр-чатактарды жөнгө салуу, тынчтык орнотуу багытында аракеттенгендерге ардактуу байгелер ыйгарып келет. Анын дагы бир сыйлыгы быйыл Македониянын экс-президенти Борис Трайковскиге тартууланды. Маркум Трайковски февраль айында Босниянын түштүк тарабында учуп баратып, туман каптаган тоолор арасындагы авиакырсыктан көз жумган. Македониянын мурдагы президенти өз чөлкөмүндө тынчтык орнотуу ишине чоң салым кошкон лидер катары региондо жана чет өлкөлөрдө кадыр-барк күткөн адам эле. Катардагы мекендештери аны төмөнкүдөй жылуу сөздөрү менен эскеришет. "Ал өзгөчө бир адам эле, македон элине туура жолду көрсөтүп коюп кете берди... Анын эң биринчи максаты – эл арасындагы ынтымакты бекемдөө эле", - дешет Македониянын экс-президенти тууралуу анын мекендештери.

Эл аралык коомчулук Жакынкы Чыгыштагы араптар менен жөөттөрдүн касташуусун жөнгө салуунун саясий жолдорун издеп, башын оорутуп жаткан чакта Израилдик композитор Офер Голани арап христиан музыканттары менен биргелешкен эстрадалык топ түзүп, эки элди бири-бирин түшүнүп жашоого чакырган "Сен кимсиң?" аттуу концерттик программа даярдап, эки тараптагы көрүүчүлөргө тартуулады.

Биргелешип акылдашса, палестин-израил чатагын жөнгө салуу мүмкүн экенин далилдөө максатында январь айында эки тараптын көрүнүктүү ишмерлери бир кемеге түшүп, Антарктикага саякаттап барып келишти. "Музду эритүү" деп аталган ал экспедиция маалында Израил менен Палестинанын өкүлдөрү бир айга чукул мезгил бою деңиз үстүндө убактысын чогу өткөрүп, тоңгон музду жарып, адам бутунун изи түшө элек тоолорду кыдырып, чындап ниетин койсо, эки эл ынтымакта жашай аларын далилдешти.

Словакияда белгилүү жазуучу Олег Макара сыгандарды ууру, алдамчы, оңой оокатка азгырылгандан башканы билбейт деген салттуу көз карашты түп-тамырынан өзгөртүү максатында атайын телеберүүлөр түрмөгүн сунуш кылды. Чехияда улуттук телеканал "Йозеф жана Лы" аттуу сериалында чех жигит менен вьетнам кыздын махабат баянын турмуш сабагы катары тартуулоодо. ЮНЕСКО уюму дүйнө коомчулугун Эл аралык сабырдуулук күнүндө дал ушундай куралсыз бейпилдик аракеттерин колдоого чакырат.

XS
SM
MD
LG