Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:50

ЭЛЕКТРОНДУК ЭКОНОМИКАНЫН ЖАҢЫЛЫГЫ


Маалымат коммуникация технологиясы жаатында жаңы система Бишкекте киргизилди. Борбор Азия чөлкөмүндө биринчи электрондук төлөм системасы Кыргызстандын башкалаасында иштей баштады.

Электрондук экономика жаатындагы жаңы демилгени «Neotech» компаниясы ишке ашырууда. Электрондук төлөм системасы азырынча телефон байланыш акысын «Кыргызтелеком» компаниясынын сервис кызматына барып кезекке туруп төлөө убарагерчилигинен бошотууда. Бара–бара ал электр, газ, коммуналдык кызматтын башка тармактарын да кучагына алмакчы. «Neotech» компаниясынын аткаруучу директору Эльдар Божокоевдин айтуусунда, жаңы долбоор эки ай илгери ишке киришкен.

- «Unicard» электрондук төлөм системасынын биринчи долбоору мындан эки ай илгери ишке кирди. Стратегиялык максат-мүдөөбүз электрондук мобил төлөмдөрдү калк арасына жайылтууга, жаңы системаны өркүндөтүүгө багытталган. Бул иш аркылуу биз электрондук коммерцияны алдыга жылдырып, жаңы технологияны жайылтып, төлөм системин жакшыртуу аракетине өтүүдөбүз, - дейт Эльдар Божокоев.

Анын айтымында, жаңы төлөм системасы тейлөө кызмат базарынын 20% ээлөө аракетин көрүүдө. Бара-бара бул көрсөткүч 30% жетмекчи. «Neotech» компаниясынын маркетинг бөлүмүнүн башчысы Олег Леонов электрондук төлөм системасы Борбор Азияда биринчи болуп Кыргызстанда ишке киришип атканын маалымдады.

- Бул Борбор Азиядагы жападан-жалгыз жаңы долбоор экенин айта кетиш керек. Мындай система Орусия менен Балтика боюндагы өлкөлөрдө кеңири жайылган. Биз алардын айрым жаңылыктарын кабыл алдык. Анткен менен программанын негизги бөлүгүн өзүбүз бул жерде иштеп чыктык, - дейт Олег Леонов.

Жаңы электрондук төлөм системасы атайын моби кард аркылуу жүргүзүлөт. 10 сомдон 3000 сомго чейинки моби карддарды сатып алган адам чөнтөк же үй телефону болбосо Интернет аркылуу коммуналдык кызмат, байланыш акысын иштеген жеринен же үйдөн жөнөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Жаңы заман талабына ылайык чыккан электрондук төлөм системасы азырынча Бишкек шаарында гана ишке киришүүдө.

«Кыргызтелеком» акционердик коомунун Бишкек филиалынын коммерциялык жетекчиси Руслан Жайнаков тейлөөнүн ыңгайлуу жаңы түрүн киргизүү ниети байланышчыларда мурда эле болуп келгенин айтты:

- Биздин компания, азыр эми айта берсем болот, өз күчү менен мына ушул акы төлөө системасын киргизүү мүмкүнчүлүгүн пайдалануу аракетин ойлоно баштаган. Биз аны өзүбүздүн системабыз үчүн кошумча жеңилдик катары киргизүүгө ниеттенгенбиз, - дейт Руслан Жайнаков.

Бишкекте ушу тапта банк кызматы төлөмдүн жаңы формасына өтүп, байланыш тармагы канатын кенен жаюуда. Тилекке каршы, заманбап технологиянын иши башкалаада жүрүп атканы менен Кыргызстандын көпчүлүк айылдары телефон байланышы жок отурушат. Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматташтыруу бөлүмүнүн башчысы Раимбек Жаркеевдин айтымында, андай айыл-кыштактардын саны беш жүздөн ашат.

- Бизде 500 ашуун айыл-кыштак менин билишимче телефонсуз отурушат. Телефону бар кыштактардын көбү эски техника менен калышкан. Бул биздин өлкө үчүн өтө маанилүү маселе. Президент А.Акаев жыл сайын айыл жерин жакшыртуу, телефон байланышын орнотуу милдетин коюп келет. Бул өзү көп каражатты талап кылган иш. «Кыргызтелекомдун» телефондоштуруу боюнча атайын программасы бар. 2010-жылга бардык айыл-кыштактар телефондоштурулат, - деп билдирди Раимбек Жаркеев. Азырынча бул милдет «Кыргызтелекомдун» атайын программасында гана белгиленген.

XS
SM
MD
LG