Чернобылчулардын чыдамы кетип бүттү. Алар өкмөт тарабынан унутулуп калган адамдар катарына кошулду. Кыргыз Республикасында «Чернобылчуларды социалдык жактан коргоо жөнүндө» мыйзам кабыл алынса да, Чернобыль кырсыгына катышкандар ушул кезге дейре бул мыйзамдын бир беренеси аркылуу эч кандай өкмөт тарабынан жеңилдик албай келгендигин кан какшап айтып келишет. Алардын арасында социалдык чыңалуу күндөн күнгө өрчүп барат дейт Бишкектеги «Чернобылчылар кошунун» төрагасы Евгений Хлебников. Арийне, Чернобль кырсыгына катышкандарга бул аталган мыйзам биринчи кезекте алардын турмуш-тиричилик, социалдык жагын жеңилдетүү жагын караган, бирок бишкектик чернобылчылардын айтымында аларга 1998-жылдан турак-жай маселеси чечилип, бир да квартира берилген эмес. Ал эми аталган мыйзамга ылайык ар бир Чернобыль кырсыгына катышкан жаран арыз жазгандан соң бир жыл аралыгында турак-жайга ээ болуу керек деп жазылган. Бул мыйзамдын аткарылбай жаткандыгын Кыргыз Республикасынын Эл өкүлдөр жыйынынын социалдык саясат комитетинин төрагасы, депутат Болот Шерниязов мобул жагдайлардан көрөт:
- Биздин мамлекет Чернобылга катышкан жарандардын баарына колунан келишинче жардамын көрсөтүп, көмөк кылыш керек эле. Жогорку Кеңеш бул тууралуу мыйзамдарды жазган, ал эми мыйзамдын аткарылышы биздин өкмөттүн иши эле. Ошондуктан бул маселеге өкмөттүн көңүлү бош карашы – бул кийинки биздин мамлекеттин тагдырына көңүлү кош карашы деп эсептейт элем, - деди Болот Шерниязов.
Чернобылчулар азыркы түзүлгөн кырдаалга нааразылык иретинде, өз маселелерин өздөрү чечүү максатын көздөп өлкөнүн президентине Ачык кат жолдоп, тез аранын ичинде турак-жай маселелерин чечип берүүнү талап кылган. Азырынча бул маселе чечиле элек дешет чернобылчулар. Алар шаардык мэрия аркылуу бүтпөгөн турак-жай объектилерин суранышып, аны өздөрү өз колу менен тикелеп алуу талабын койгон. Атом кырсыгын ооздуктоого катышкандарды атомдук жарылуу азабын көбүрөөк тарткан Жапон мамлекети буга дейре чернобылчуларга жардам берип келген. Бул сапар да эгерде шаардык мэрия алардын талабын орундатпаса, бүткөрүлбөй калган турак-жай объектисине жапондук тарап жардам берет деп эсептешет чернобылчулар. Бул маселенин чечилишин Чернобыль кырсыгынын катышуучусу мындан көрөт:
- Чернобыль кырсыгына катышкан адамдар катары бизге өкмөт эч кандай жардам бербей жатат. Үй маселеси, медициналык, социалдык жеңилдиктер мыйзамда көрсөтүлгөн деңгээлде чечилбей келет. Эң өкүнүчтүүсү жыл сайын ондогон адамдардын радиациядан алган зыяндан улам өмүрү кыйылууда. Биз эч кимге керегибиз жоктой сезилип калдык, - деди Владимир Топольников.
Акыркы маалыматтарга караганда чернобылчуларды өкмөт тарабынан дары-дармек менен камсыздоо, ал гана эмес социалдык жеңилдиктерди берүү таптакыр унутулуп, бул кыйынчылыкты айрыкча элетте жашаган чернобылчулар өз баштарынан өткөрүп келет. Бир кезде чоң намыска жараган өлкө жарандарын, эми минтип өкмөт унутта калтырып, алардын алдына чоң чечилбеген проблемаларды жаратты. Бирок, бул эр жүрөк жарандар тилекке каршы жыл сайын азайып барат дейт байкоочулар.