Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Иракта кечээ 31 полициячы уурдалып, 20дан ашуун адам набыт кетти


Ирактын ички иштер министрлиги Иорданиядагы машыгуудан кайтып келаткан жолдо 31 полициячы уурдалды деген маалыматты текшерүүдө. Ал кабарды айтып келген полициячынын маалыматы боюнча, Иорданиянын чек арасына жакын жердеги мейманканага кол салган куралчандар ал жердеги полициячыларды колдорун байлап, бети-башын чүмбөттөп алып белгисиз тарапка алып кетишкен. Ирактын түндүгүндөгү Байжи калаасында АКШы аскерлерине жакын жерде жарылган бомбадан кечээ 14 ирактык набыт болду. Рамади шаарындагы атышууларда дагы жети ирактык мерт болгону маалымдалды. Мосулда коалициялык күчтөр менен козголоңчулар ортосундагы бир нече күндөн берки салгылаштардан кийин кечээ салыштырмалуу тынч болгону кабарланууда. Фаллужада АКШ менен Ирактын аскерлери үйлөрдү тинтип, согушкерлерди издөөдө, Пентагондун айтымында, ал жерде 1600дөй козголоңчу мерт болду.

XS
SM
MD
LG