Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:45

КЫРГЫЗ АЛПЫ- КОЖОМКУЛГА ЭСТЕЛИК ТУРГУЗУЛУУДА


Кыргыздын атактуу балбаны Каба уулу Кожомкулду мурдакы муундун өкүлдөрү жакшы билген менен жаш муундар билбей калды. Өлкөдө Кожомкул атындагы кайрымдуулук кору да түзүлүп, балбандын эстелиги курулуп бүткөнү калды.

Кыргыздын даңазалуу алпы- Каба уулу Кожомкул жана анын балбандыгы тууралуу эл ичинде көп айтылып жүргөн менен учурда жаштар ал жөнүндө аз билишет .

Кыргыз элинин атактуу балбаны Каба уулу Кожомкул дене түзүлүшү жагынан орустардын Иван Поддубный, Зайкин жана казактын Ажымукан Муңайтпасовдон зор болгон дешет. Совет доорунда Кожомкулдун салмагы менен боюнунун узундугу маалымат булактарында атайлап кичирейтип көрсөтүп келишкен. Себеби, орус элинин балбандарын, уулдарын биринчи коюу саясаты өкүм сүргөн. Мурдакы маалымат булактарында Кожомкул балбан баралына келип, толуп турган 47 жашында салмагы 164 килоргамм, боюнун узундугу 1 метр 97 см. делип, 52- өлчөмдөгү өтүк кийген делет. Кожомкул балбанды көргөн замандаштарынын айтуусунда анын кийген кийимдеринин өлчөмүнө, замандаштары менен түшкөн сүрөттөрүнө карап тактаганда бою 2 метр 35 см., ал эми салмагы 215 килограмм болгонун Кожомкул атындагы кайрымдуулук корунун төрагасы Тынчтыкбек Конушбаев айтып берди.

Кожомкулдун күчтүүлүгү бала кезинен эле байкалып, 15 жашында 45 жаштагы балбанды жыккан. Казактын атактуу балбаны Балуан- Шолакты уткандан кийин анын атагы казак элине да кеңири тараган.Күчкө толуп турган убагында салмагы 400 кг. ашык өгүздү жаракадан сууруп чыккан.

22 жашында Суусамыр өрөөнүндөгү Арамза жайлоосунда бийиктиги 1 метр 60 см. жоондугу 1м. 90 см. ташты 100 мерт аралыкка көтөрүп барып, жерге уруп киргизген. Эл аны «Кожомкулдун ташы» дешет. Кийин ушул таштын салмагын атайын комиссия барып, таразага тартып көрүшсө, анын салмагы 635 килограммды түзгөн. Бул оор атлетика боюнча оор салмактагы балбандардын дүйнөлүк рекорддунан эки эсе оор дегенди түшүндүрөт. Кожомкул балбандын мындай таштары Суусамырдын Бөйрөк,Кеңсуу,Жоожүрөк жайлоолорунда, Кетментөбө өрөөнүндө да бар.

Чүйдөн Суусамырга баратканда минген аты баспай калып, аны өзү көтөрүп Төөашуудан ашкан дешет замандаштары.Лом темирди ийип, ат такасын бир колу менен сындырап койгонун көргөндөр бар. Совет доорунда айылдык кеңештин төрагасы, кой ферма болуп иштеген. Күчүн көрсөтүү үчүн машинаны жылдырбай кармап, талды бир колу менен сыгып, суусун чыгарчы деп эскеришет замандаштары.

Мына ушундай атактуу балбанга эстелик тургузуп, анын балбандыгын даңазалоо үчүн суусамырдык ишкер жигит Тынчтыкбек Конушбаев Кожомкул атындагы корун түзүп, кайрымдуулук иш- аракетин көрүп келүүдө. Балбандын эстелиги конкурстук жол менен атайын архитектор, бедизчилердин комиссиясында тандалып, бедизчи Базарбек Сыдыковдун тобу жасап бүтүп калышты . Бул жөнүндө «Байтур» фирмасынын директору Тынчтыкбек Конушбаев мындай деди:

-Каба уулу Кожомкулдун эстелиги бүтүп калды. Бир жылдан бер бир топ иш- аракеттерди көрдүк. Кыргызстанда эстеликти курууга ылайык жез болбогондуктан Казакстандан 2 тоннадан ашуун жезди 10 миң долларга өз каражатыма сатып келсем, өлкөнүн бажы кызматы 2 миң доллар салык төлөтүштү. Кайрымдуулук иш- аракет үчүн бажы салыгы алынбаса, бул Кыргыз элинин улуттук сыймыгы үчүн жасалып жаткан аракет экендигин эске алган мыйзам жоктугун белгилеп айта кетейин. Кыргыз элин даңазалаган, тааныткан, намысын көтөргөн мындай балбандар бир кылымда бир жаралышы мүмкүн. Анын балбандыгын эскерип, жаш муундарга таанытып турбасак, акырындык менен унутулуп кала берет. Биз көтөрүп, даңазалабасак, башка бирөө биз үчүн күйүп- жанбайт. Кожомкул балбанды өлкөгө келген меймандар, жаштар таанып, билсин деген максат менен эстелигин куруп жатабыз. Ушул жерге биздин спортчулар эл аралык мелдештерге, Азия, дүйнө чемпионаттарына аттанаар алдында келип, гүлчамбыр коюп, сыйынып, бата тилесе, ыйык жерге айланса деген ой- максат бар. Эстеликти курууга жалпы 3,5 млн. сомдон ашык каражат кетти. Буюрса, 10-20 күндөн кийин Кожомкул балбандын эстелиги коюлуп, ачылыш аземи болмокчу.

Каба уулу Кожомкул балбандын эстелиги Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунун алдында коюлмакчы , азыркы күндө текчеси даяр болуп калды.Эстеликтин алдында балбан көтөргөн таштар да алынып келмекчи. Балбандын ысымындагы спорт ордосунда анын жеке буюмдары, кийимдери жана балбандыгын даңазалаган маалыматтар, Кожомкул атындагы эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрүнүн диплом, медалдары жана байгелери коюлган музей да уюштурулат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG