Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

Өз жанын кыйган жаштардын саны көбөйүүдө


БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюумунун балдар Фондусу (ЮНИСЕФ) Чыгыш Европа жана КМШга мүчө өлкөлөрдө жргүзүлгөн социологиялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгын жарыялады. Алардын маалыматына караганда Кыргызстанда 13 жаштан жогорку жаштар арасында өз өмүрүн кыйгандардын саны 100 миң адамга 9,1 ден 9,9 түзгөн. Ал эми Россиядагы 1989-жылдагы жана 2002-жылдагы эл каттоонун аралыгында 15 жаштан 19 жашка чейинки жаштар арасында өз өмүрүн кыйгандардын саны 100 миң адамга 23,3 коэффицент болуп эки эсеге өскөн. Жаштардын арасында өзүн өзү өлтүрүү боюнча Казакстан экинчи орунга чыккан. Коңшу өлкөдө суицид 100 миң адамга 20,7 коэффицентке жеткен.

ЮНИСЕФдин экспреттеринин баамында, социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн негизинде жумушсуздуктун айынын айрым атаэнелер балдарынын талаптарын аткаралбай, атаэне бала ортосундагы мамиле начарлаган. Анын кесептинен өспүрүмдөр менен жаштар арасында өз жанын кыйгандардын саны өскөн.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG