Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:07

Президент Германияда


БИШКЕК. Мамлекет башчы Аскар Акаев Германия Федеративдүү Республикасында иш сапары менен жүрөт. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Аскар Акаев 17-ноябрда Германиянын ички иштер министри Отто Шили менен жолукту.. Жолугушууда президент Кыргызстандын Ички иштер Академиясы менен Мюнстер шаарындагы полиция Академиясынын окуу программалары боюнча тажырыйба алмашуу, ички иштер кызматына техникалык көмөк көрсөтүү багытында эки тараптуу келишимге кол коюлаарын билдирди. Чегара, бажы кызматтары жана баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аймактык долбоорлорду жүзөгө ашырууда Германия тараптын активдүүлүгүн белгиледи.
Бүгүн Берлиндеги Бранденбург шаарындагы Коттбусс университетинин окумуштуулар кеңеши Аскар Акаевге ардактуу профессор наамын тапшырды.
Ал эми Германиянын илим жана изилдөө министри Йохан Ванкиге “Даңк” медалын ыйгарууга чечим чыгарганын мамлекет башчысы жарыялады.
Ушул эле күнү Аскар Акаев Немец экономиксынын чыгыш комитетинин өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстан экономикасынын өнүгүшүнө байланыштуу маселелерди талкуулады.

XS
SM
MD
LG