Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:25

УЛАН САРБАНОВ БАНКИР-ДЕПУТАТТАРДЫ АЙЫПТАЙТ


Сапар Орозбаков, Бишкек Эл өкүлдөр жыйыны өзүнүн жакында болуп өткөн сессиясында «Жибек жолу» долбоорун, Европа өнүгүү жана кайра куруу банкынан алынган кредиттердин пайдалынышын жана Борбор Азия өнүгүү банкына салынган акчалардын тагдырын иликтөө үчүн түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын жыйынтыгын карап, Улуттук банктын жетекчилеринин жана өкмөт мүчөлөрүнүн күнөөсү менен өлкө 41 млн доллар зыян тартканын белгилеген. Депутаттар буга тиешелүү адамдарды, анын ичинде Улуттук банктын азыркы төрагасы Улан Сарбановду жоопко тартуу тууралуу токтом кабыл алышкан болчу. Улан Сарбанов буга байланыштуу билдирүү жасап, депутаттардын бул чечимин шайлоо алдында өз абройун көтөрүү үчүн жасалган аракет деп баалады.

Улуттук банктын төрагасы Улан Сарбанов өзүнүн билдирүүсүндө аталган долбоорлорду ишке ашырууда ошол кездеги мыйзамдар бузулбагандыгын, депутатардын бул чечими шайлоо алдындагы оюн экендигин айтты. Ал бул үчүн комиссиянын жетекчиси Болот Байкожоевди жана «Промстройбанктын» жетекчиси Муратбек Мукашевди түздөн түз күнөөлөдү:

- Билдирүү жасоонун маңызы банкир-депутаттар, так айтканда «Иссыккөлинвестбанктын» жетекчиси Болот Байкожоев жана «Промтройбанктын» жетекчиси Муратбек Мукашев тарабынан келечекке саясий индульгенция алуу үчүн аракеттер жасалып жаткандыгында турат. Бул кадимки көрүнүш. Коргоонунун жакшы жолу - чабуул коюу – деди Улан Сарбанов.

Ал улуттук банкты саясий оюндарга аралаштырууга болбой тургандыгын, ал саясаттан тышкары уюм экенин баса белгиледи. Төрага аталган депутаттардын банктарында көп кемчиликтер бар экендигин айтып, көзөмөл жүргүзүүчү орган катары Улуттук банктын аларды оңдоого багытталган аракеттери бул күчтүү банкирлердин каршылыгына такай туш болууда деп билдирди. Ал муну «кызыкчылыктардын тирешүүсү деп атады.

Улан Сарбановдун билдирүүсүнө карата Болот Байкожоевдин пикирин сураганыбызда, ал аталган комиссия ведомстволор аралык комиссия болуп, ага депутаттар гана эмес, өкмөт мүчөлөрү да киргизилгендигин, чечимди комиссия эмес, палата кабыл алгандыгын билдирди:

- Комиссия түшүнбөй менин артыман ээрчигендей алар акылдары жок адамар бекен. 36 депутатты алдап, туура эмес чечим чыгартып алгандай мен сыйкырчы болуп кетиптирминби. Сарбанов минтип айтуунун ордуна ошол 41 млн доллар жоголгон акчаны кайтарганга аракет кылса туура болот эле деп ойлойм, - деди Болот Байкожоев.

Жибек–жолу долбоорунун, Европа банкынын кредиттеринин жана Борбор Азия банкына салынган акчалардын тегерегинде чыккан чатак эски чатак. Ал долбоор ишке ашырылып жатканда Улан Сарбанов Улуттук банктын жетекчилигине келе элек болчу. Улан Сарбанов, бир жагынан, ал «өз убагында баары мыйзамдуу болгон» деп, өзүнөн мурдагы төрагаларды актоого аракет кылды. Бул, жогоруда айтылгандай, анын расмий билдирүүсүндө даана байкалып турду. Экинчи жагынан, «бул иштер мага чейин болгон, аны укук коргоо органдары териштирсин» деп, өзүн ал иштерге тиешеси жок адам катары көрсөттү:

- 1993-1997 жылдардагы эски иштерге азыркы жетекчиликти, так айтканда мени аралаштыруу, - дагы бир жолу кайталап коеюн, келечекке саясий индулгенция алуу үчүн аракет, - деди Улан Сарбанов бул тууралуу конкреттүү суроо берилгенде.

«Улан Сарбановго чейин болгон иштер үчүн палата эмне үчүн аны кызматтан алуу тууралуу чечим чыгарды», деп сураганбыбызда, Болот Байкожоев ал маселени чечпей, созуп отуруп, карыз өсүп кеткендигин белгилейт:

- Сарбановдун убагында 23 млн доллар карыз 30 млн долларга чейин өстү. Ошол 7 млн доллар карыз Сарбановдун убагында болду. Эмне үчүн ал эч нерсе жасаган жок? - деди Болот Байкожоев.

Эксперттер бул жерде чынында эле Улан Сарбанов белгилеген «кызыкчылылыктардын тирешүүсү» бар экендигин белгилешет:

- Бул жерде абал таттал. Бир жагынан Сарбанов Эл өкүлдөр жыйынына, анын ичинде ошол эле Байкожоевге баш ийиш керек. Экинчи жагынан Байкожоев банкир катары Сарбановго баш иет. Бул «кызыкчылыктардын тирешүүсү» болуп эсептелет. Биз шайлоо кодексин оңдоп, чиновниктер депутат болбогондой кылмайын боло берет, – деди «МСН» гезитинин аналитиги Лариса Ли.

Палата Улуттук банктын төрагасын түздөн түз кызматтан ала албайт. Ал өзүнүн токтомунда бул жөнүндө президентке сунуш гана киргизген. Президент болсо азырынча өз оюн айта элек.

XS
SM
MD
LG