Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:26

ЧЕМПИОН ЖАНА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨР АНЫКТАЛДЫ


Кыргызстандын футбол юоюнча чемпионатында Жогорку Лигада мурда 14–12 командалар ат салышып келсе, быйыл 10 команда ойноду.
Бишкектеги абадан коргонуу аскер бөлүгүнүн «СКА ПВО» командасы Кыргызстандын чемпиондугун үчүнчү ирет жеңип алган. Былтыр ушул командадан эле 8 футболчу чет өлкөргө кетип калса, быйыл мыкты аталган Ринат Ишмаков менен Владислав Чернышов Казакстан футболдук командаларына кетип калган. Карасуунун «Жаштык – Ак алтын» командасы 2 жыл катары менен күмүш байгенин ээси болсо, былтыр өлкөнүн чемпиондугун жеңип алган эле. Нарындын «Дордой» командасын канчалык күчтүүлөп, жакшы шарт түзүп берген менен 2 жылдан бери үчүнчү орунда калып келсе, быйыл баш байгени жеңип, чемпион аталды. Нарындын «Дордой-Динамо» футбол командасынын машыктыруучусу Мурат Дүйшөналиев мындай деди:

- Мурда Жогорку Лигада Ош, Чүй жана Нарын областтарынын гана футболчулары ойноп келсе, быйыл Жалалабат аймактарынан да командалар мөрөй талашууга катышууда. Бишкектеги «Динамо-Манас» командасына былтыр айтылуу «Шоро» фирмасы демөөрчүлүк кылып, бул командага өз атын берип, колдоого алынып, жакшы ийгиликтерди жарата алышкан. Быйыл «Шоро» командасынын жетекчиси Табылды Эгембердиевдин демилгеси менен «СКА- ПВО» командасы экөө биригип, бир күчтүү команда болушту. Жаш таланттуу балдардан куралган «Жаштар» командасы да Жогорку Лигада ат салышып, чоңдор менен теңтайлашып, тажырыйба топтой баштады. Жаш футболчуларды такшалуу мектебинен өткөрүп, кийинки олимпиадалык иргеп алуу мелдештерине азыртан даярдоону көздөп Кыргызстандын футбол федерациясы колдоого алууда.

Кыргызстандын 13-футбол чемпионатынын жыйынтыгында «Дордой-Динамо» командасынан кийинки экинчи орунду Бишкектин «СКА-Шоро» ээледи. Өлкөнүн былтыркы чемпиону Карасуунун «Жаштык – Акалтын» командасы коло байгелүү болду. 10 командадан экөө марага жетпей оюндан чыгып калышты.

36 беттешүүнүн жыйынтыгында атаандаштарынын дарбазасына эң көп топ киргизген чабуулчу «Дордой-Динамо» командасынын өкүлү Замирбек Жумагулов таанылды. Ал 28 топ киргизип, лидер болсо, «СКА-Шоро» командасынан Роман Корнилов 25 топ киргизүү менен экинчиорунду ээледи.

Кыргыз футболунунун деңгээлин көтөрүү үчүн ишкерлердин колдоосу зарылдыгын айтуу менен жаштарга көңүл буруу керектигин белгилеп «Заман Кыргызстан» жумалыгынын футболдук баяндамачысы Табылды Асыгалиев мындай деди:

Эми жаңы 2005-жылдын 15-январында Москвада Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондорунун Кубогу өткөрүлөт. Мында Кыргызстандын намысын Нарындын «Дордой-Динамо» командасы коргойт. Алардын атаандаштары Грузиянын чемпиону «Дордже», Өзбекстандын чемпиону «Пахтакор» жана Латвиянын жеңүүчүсү «Каунас» командалары болоору аныкталды. Ошондой эле эмки күздө Азия чемпиондор Лигасына катышуу үчүн Кыргызстанга 2 жолдомо берилген. Бул таймашка Бишкектин «СКА Шоро» жана Нарындын «Дордой-Динамо» командалары бармакчы.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG