Ошондо гана Суданга гуманитардык жардам көрсөтүлөт. ООНдун коопсуздук кеңеши Кениянын борбору Найробиде өткөргөн атайын жыйында ушундай шарт койду. Кабыл алынган резолюцияда өлкөнүн батышындагы Дарфур провинциясындагы зордук-зомбулуктарды токтотуу талабы айтылат. Жаңжалдашкан тараптар тынчтык келишим түзүүнү көздөп жатканын билдиришкен эле.