Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:54

Рентонгрупптун аманатчылары ЖКнын алдына пикетке чыкты


БИШКЕК. Бүгүн “Рентонгрупп” компаниясына акчаларын акчаларын алдаткан жүзгө жакын аманатчы Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулушту. Чогулгандарга мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты Николай Байло аманатчылардын укугун коргоо боюнча мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан токтом кабыл алынгандыгын билдирди. Анын айтымында, согуш ардагерлеринин алдаткан акчаларын келээрки жылдын 9-майына чейин, майыптар үчүн июнь айына чейин, калган аманатчылардын акчасын эки жылдын аралыгында өкмөт тарабынан төлөп берүү каралган. “Республиканын келээрки жыл үчүн бюджети декабрь айынын башталышында палатанын отурумунда талкууланганда аманатчылардын акчасын да киргизүү сунушталат. Бирок өкмөт башчысы Николай Танаев аманатчылардын акчасын бюджетке киргизүүгө каршы”, - деди Николай Байло.
Белгилей кетүүчү нерсе өткөн жылы август айында “Рентонгрупп” компаниясынын жетекчилери белгисиз жакка качып кеткен. Компаниянын кредиттик карызы 263 млн. сомду түзгөн. 2 миңге жакын аманатчы компанияга салган акчасынан айрылган.

XS
SM
MD
LG