Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:11

Куловдун арызы Жогорку Сотто каралды


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Сот өлкөнүн Жаза өтөө мекемелеринин Башкармалыгынын жана Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Кулов 2005-жылдын ноябрь айында абактан бошотулат деген чечимин күчүндө калтырды. Мындай чечимди Феликс Куловдун Сокулук райондук сотунун чечимине карата аппеляциялык арызын караган Жогорку Соттун коллегиясы кабыл алды. Ага катышкан «Арнамыс» партиясынын өкүлдөрү, Куловдун адвокаттары, туугандары жана өлкөдөгү айрым бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү Жогорку Соттун чечимине карата нааразылыктарын билдиришти. «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова Кыргызстанда азыркы бийлик алмашмайынча, Феликс Куловго карата сот адилеттүүлүгү болушу мүмкүн эмес деп билдирди. Куловдун Адвокаты Любовь Иванова болсо, анын ушул айда Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Комиссиясына Куловдун укуктарын коргоого көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган арызы кабыл алынгандыгын билдирди. 2001-жылдын январь айынан тарта абакта жатат. Кыргызстандын Акыйкатчысынын айтымында, мыйзамдарга ылайык, Кулов ушул жылдын август айында абактан бошотулууга тийиш эле.

XS
SM
MD
LG