Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

КЫРГЫЗ ЭЛ АКЫНЫ БАЙДЫЛДА САРНОГОЕВ ДҮЙНӨДӨН ӨТТҮ


Кыргыз адабияты менен маданияты орду толгус оор жоготууга учурады. Кечээ 19 – ноябрда 72 жаш курагында Кыргыз эл акыны, Токтогул мамлекеттик сыйлыгынын ээси Байдылда Сарногоев узакка созулган оорудан көз жумду.

Байдылда Сарногоев 1932-жылы Талас районундагы Шумкар-уя айлында туулган. 1951-жылы Фрунзедеги Пушкин атындагы №5-мектепти бүтүргөн. 1951-56-жылдары Москвадагы Горький атындагы адабий институттан окуйт. 1959-жылдан 1973-жылга чейин Кыргызстан жазуучулар союзунда адабий кеңешчи. Байдылда Сарногоевдин «Шумкар», «Баяс», «Ак калпак», «Тоолор жана тоолуктар», «Менин батпас күнүм», «Үзүлбөгөн үмүттөр», «Ашуудан берген отчетум» аттуу ыр китептери басылып чыккан. Акындын «Ашуудан берген отчетум» ыр жыйнагына Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык ыйгарылган. Байдылда Сарногоев жөнүндө Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуев:

- Байдылда Сарногоев дүйнөдөн өттү деген шум кабарды угуп, кабыргам абдан эле кайышып турат. Байдылда Сарногоев менен 1951-56-жылдары Москвадагы адабият институтунда 5 жыл чогуу окудук. Кийин да «Алатоо» журналында, жазуучулар союзунда бирге иштедик. Байдылданын биринчи китеби «Шумкар» деген ат менен 1952- жылы жарык көргөн. Байдылда Сарногоев өзү кыргыз адабиятына шумкар сыяктуу келип, шумкар болуп кызмат аткарып кетти. Байдылда Сарногоевди жоготуу – кыргыз адабияты үчүн, кыргыз эли үчүн абдан эле оор, – деди акын Сооронбай Жусуев.

Байдылда Сарногоев ушул жылдын февраль айында «Азаттыкка» «Бүтпөс ыр» деген ырын окуп берген эле…

Байдылда Сарногоев:

Бир ырды ырдап эле такыр бүтпөй койдум… Бул кыргыз эли жөнүндө…Менден кийин да кыргызым жашайт кагылып кетейин…Элим аман болсокен…

Кыргызым бүтпөс ырымсың,
Кыярбас кызыл суумсуң,
Сан жагың чакан болсо,
Сапатың менен улуусуң.

Кыргызым бүтпөс ырымсың,
Көрөр көз, ичер суумсуң,
Улгайып кайра жаралган,
Улуу да кичүү муунсуң…


Жогоруда Байдылда Сарногоевдин февралда жазылып алынган «Бүтпөс ыр» деген ыры уктурулду.

Байдылда Сарногоевдин Кыргыз адабиятындагы ордуна филология илимдеринин доктору, профессор Абдылдажан Акматалиев төмөнкүчө токтолду:

- Байдылда Сарногоев кайталангыс таланты, көөнөрбөс чыгармалары менен кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келаткан таланттуу көркөм сөз чеберлеринин бири эле. Байдылда Сарногоевдин поэзиясы - өлбөс-өчпөс поэзия, – деди Абдылдажан Акматалиев.

Байдылда Сарногоев кыргыз өкмөтү тарабынан үчүнчү даражадагы «Манас» ордени, «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн» медалы жана ардак грамоталар менен сыйланган.
XS
SM
MD
LG