Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Боромбайга 200 жыл


КАРАКОЛ. Касым Тыныстанов атындагы Ысыккөл мамлекеттик университетинде «Боронбай жана анын мезгили» аттуу илимий практикалык конференция өтүп, анда тарыхчы окумуштуулар Боронбай бийдин коомдук саясий ишмердиги, Ысыккөл кыргыздарынын Орусиянын курамына кошулушундагы Боронбайдын ролу, кыргыз казак достугунда анын орду жана башка темалар боюнча докладдар менен чыгып сүйлөштү. Ал эми облустук драма театрында өткөн салтанаттуу жыйынды облустун губернатору Токон Шайлиева ачып, Боронбай Миңмурлат уулунун кыргыз тарыхындагы орду жана ролу боюнча чакан баяндама жасады. Губернатордун пикиринде, Боронбай бийди орто мектептердин окуу программасына киргизүүгө мезгил жетти.


Кыргызстандагы соңку жаңылыктар менен Азиза Турдуева менен Аманбек Жапаров жана облустагы кабарчылар даярдашты

XS
SM
MD
LG