Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:07

Э.Алиев: Президент Акаевдин Ф.Кулов жөнүндөгү сөздөрү негизсиз


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев «Арнамыс» партиясынын жетекчиси Феликс Кулов темир сатып байыган, анын чет өлкөлөрдө ири банк эсептери бар деген негизсиз сөзү үчүн эл алдында жооп бериши керек. Мындай пикирин бүгүн «Арнамыс» партиясынын төрага орун басары Эмиль Алиев «Азаттыкка» билдирди. Президент Акаев кечээ Берлинде «Немецкая волна» радиосуна берген маегинде Феликс Куловго байланыштуу суроого жооп берип жатып: «Феликс Кулов – кадимки коррупционер. Биз аны менен башында чогуу иштешкенбиз. Анын чет өлкөлөрдө ири банк эсептери бар, ал тонналап темир сатуу бизнесинен байыган», - деп жооп берген президент Аскар Акаев «Немецкая волна» радиосунун кабарчысына. Ал эми эл аралык жана Кыргызстандагы укук коргоо уюмдары Феликс Куловдун үстүнөн саясий себептер менен кылмыш иши козголгон деген көз карашта. Феликс Кулов ээлеген кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деген күнөө менен, 2001-жылдын январь айынан тарта камакта жатат.

XS
SM
MD
LG