Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:37

Чернобыл апаатынын залалы Швецияга да тийген


Стокгольмдук изилдөөчүлөр Швециянын түндүгүндө рак оорусуна кабылган 800дөй адам бул дартка 1986-жылкы Чернобыль апаатынан улам туш болгон деген тыянакка келди. Изилдөөнү жетектеген окумуштуу Мартин Тондел бардыгы 22400дөй рак оорусунан жабыр тарткан адам иликтенип, алардын 850дөйү Украинадагы атомдук реактордо болгон кырсыктан жапа чеккени аныкталганын билдирди. Айрым илимпоздор швециялык кесиптештеринин бул тыянагынан күмөн санашат, анткени алардын айтымында, Чернобылдагыдай радиациялык жарылуудан адатта ак кан, же рактын өзгөчө түрү өрчүшү ыктымал. Бирок профессор Тондел ал жетектеген топ ар бир оорулууну дыкат изилдеп отуруп Швециянын түндүгүндө рак дартынын өрчүшүнө дал Чернобыль апааты күнөөлүү деген бүтүмгө келгенин белгилөөдө.


Кабарларды даярдаган Венера Сагындык кызы, Прага.

XS
SM
MD
LG