Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:12

Борбордук Африкада тынчтыкты орнотуу макулдашылды


Африкалык 15 өлкөнүн жетекчилери бүгүн Борбордук Африкадагы уруштарды токтотуу тууралуу макулдашууга кол коюшту. Макулдашуунун долбоору Танзаниядагы Дар-эс-Салам шаарында өткөн саммиттин аягында бекитилди. Африка Биримдигинин учурдагы төрагасы, Нигериянын президенти Олусегун Обасаньо чөлкөмдөгү лидерлер бейпилдик жана Африка континентин өнүктүрүү максатында чогуу аракет көрүүнү макулдашышканын жарыялады. Саммитти уюштурган Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан документти чөлкөмдөгү коопсуздукту бекемдөө багытындагы тарыхый макулдашуу деп атады.

XS
SM
MD
LG