Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Вашингтон Иранга байланыштуу дагы билдирүү жасады


Кошмо Штаттар Иран ири көлөмдөгү уранды байытууга камданып жатканына байланыштуу тынчсызануусун билдирди. Бир нече күндөн кийин Тегеран европалык үч өлкө менен жетишилген макулдашууга ылайык, бул багыттагы ишмердигин токтотууга сөз берген. Мамлекеттик департаменттин басма сөз өкүлү Адам Эрели Вашингтонго жеткен кабарлар чын болсо, анда Ирандын аракети ишенбөөчүлүктү жаратат деп белгиледи. Ирандын расмий өкүлү Хусейн Мусавьян Венада дипломаттар тараткан ал кабарды "жалган маалымат" катары четке какты.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG